Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Жаш аялым менен сыртыман бактылуумун бирок ичимде ит өлүп жатканын кимге айтам
Балкондо отурам, тээ алысты караганым менен ойум артта калган бактылуу күндөрдү барактап, ар бир мүнөтү алтынга барабар болгон күндөрдү көз алдыман өткөрүп отурдум. Бирөөнүн кайгысына кайгырганың менен унутуп каласың, өз башыңа келгенде гана сезет экенсиң. Келинчегим каза болгонуна 3жыл болсо да, унута албай куса болуп келем. Күндө жумуштан чыкканда жүздү басып алмай болдум. Ичке киргенде баарын унутуп ичимди ысытып магдыратып койот, же болбосо тескерисинче өткөн кеткенди эстетип ыйлап калам. Башында досторум көңүл айтып мени жоошутуп жанымда жүрүшчү эле, азыр болсо дагы башталды деп качып жөнөшөт. Келинчегим экөө