Оо перим сырдашуунун кези келип,
Ойлорду келчи бирге чечишелик.
Баратам досторумдан анча артта,
Бакыт бер кел аларга жетишелик.
Айтайын аз болсо да бир аз гана,
Алардын жубайы бар бир жакшына.
Алдында эркелеген балдары бар,
Аркасы үйлөнөм дейт быйыл мына.
Мен дагы акыркынын бири болуп,
Сен дагы акыркынын жубу болуп.
Кадамды койсок турмуш сапарына,
Качпастан бакыт үчүн жүгүрөлүк.
Билбейсиң азыр менин айтканымды,
Билбейсиң кантип жашап жатканымды.
Үй бүлөө деген сөздүн өзү улук,
Үй жайлуу болсок айтсам максатымды.
А сенин жашмын деген сөзүң эсте,
А менин жаш курагым өзүң эсте.
Пайгамбар (С.А.В.) үлгү болуп,
Үйлөнгөн экен ал да 25те.
Айтайын деген элем жагдайымды,
Азыр мен жашайм толук 25те.
А.Э.Н.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13