Кышта сөзсүз барам деп жүрүп досум,
Кыштап кеттиң жашоону сүрүп досум
Москванын шаарынан чыга албадың
Кайда жүрбө аман жүр күлүп досум.
Тиргилик деп түбүнө түшүп досум,
Суугуна калбагын үшүп досум.
Менин дагы башымдан өткөн билсең,
Мекениңе аман кайт күлүп досум.
Келишиңди досторуң күтөт досум,
Кези менен тойлор да күчөп досум.
Кезек келди аны да уксаң керек,
Келсең анан той дагы бүтөт досум.
Алдылары үч бала тапты досум,
Алар бизден ат чабым ашты досум.
Бир мезгилде он бирди тең бүтүрсөк
Бойдоктор деп кошулбай качты досум.
Баштагыдай экөөбүз калсак досум,
Бойдокчулук доорун биз да чансак досум.
Неге булар үйлөнбөйт дедирбестен,
Не дебедиң жан шерик алсак досум.
Азиретиавыт Нурбекович.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 22
Андан бери 2 кыш отту Усон
Келишинди баарыбыз кутоп журобуз
Келсен боло Сагындык сени Усон!
Менда силерди сагындым
Сен бар биз бар.
Азаматсын досум Таланттын ташкындай берсин
Онорун оркундой берсин
Только перёт досум