1 - БӨЛҮМ
Урматкан ата-энесинин эрке кызы болчу. Ал эркеликтин айынан окууну да жакшылап окуган жок, мектепти элдир-селдир барып келип, кээде эки алып, кээде үч алып, жүрүп бүттү: "Кара кыздын агынан эмес, багынан", - дегендей бүтүрүү кечеси болуп өткөндөн кийин эле, аны ала качып кетти. Мурда-кийин көрбөсө да, катын-калачтын жабылып, жалбарганынан улам отуруп калды. Көрсө: "Соодагер баркы менен бөз өтөт, ата кадыры менен кыз өтөт", - деп Токтобектин кадыр-баркы менен: "Жакшы кишинин кызы, тарбиясы жакшы", - дешип, Токтобектин кызын ала качыптыр. Бектемир жаңы эле армиядан келген. Адегенде тыбырчылап:
- Тийбейм күйөөгө, мени жеткирип койгула! - деп бакырып жатты, - Кое бергиле мени, баары бир кетем!
- Кой айланайын, кыз дегенди ушинтип ала качып алат, кыздын жакшысын, көңүлгө жакканын ала качат, жаман жер эмес, жакшы кыздарды жерге тийгизбей ала качат, - деди шакылдаган Сары кемпир.
- Жакшы кишинин кызысың айланайын, кыз тынаар жерине ыйлап барат дейт, баарыбыз эле ушинтип келин болгонбуз.
- Ыйлаба айланайын, Бектемир жакшы жигит, кыздай созулган жигит, - дешип жоошутуп, кийим кийгизип, жоолук салышып, отургузуп коюшту. Ыйлап-ыйлап Бектемирди көргөндөн кийин унчукпай калды. Ата-энеси жеңелерин жөнөтүп: "Кыймылдабай отурсун, кетем десе үйгө келбесин" , - дешип катуу эскертишкен. Акыры таш түшкөн жеринде оор деп, тагдырына баш ийип, отуруп калган. Бектемир жакшы күйөө болуп берди, беш балалуу болгуча жаман айтпады, чекесинен чертпеди, таап келип берип, эч нерседен кемчил кылбады. Он беш жыл жашап, эң улуусу он төрт жашка чыкканда, капысынан көз жумуп кете берди. Урматкан боздоп ыйласа да таппады, балдарынын алды он төрттө, эң кичүүсү жетиде. Жыйган дүнүйөсү болбосо да, өлбөстөй оокаты бар, каралуу отурганда, төркүндөрү менен кайын журту жардам берип, жогун алып келип, берип турду. Жыл маалына араң чыдады, карасын алгандан кийин эки жакка чыгып, курбу-курдаштары көбөйүп, шарактаган аялга айланды. Калима күйөөдөн чыккан аял, экөө шынаарлашып бирге басып, бирге туруп калды. Дүкөнгө шыпыргыч болуп иштеп да алган. Бир күнү Калима ага келип:
- Ай Урматкан, бүгүн бир жерге барабыз, сенин колуң бошойбу? - деди ага келип.
- Сен айтканда бошотом да, - Урматкан шакылдай карады, - Жок деп, өлалбай жүрүптүрмүнбү?
- Ой алтын десе, сенин ушинтээриңди билгем, - Калима ага көзүн кыса жакындай калып шыбырады, - Абдан жакшы жигит экен, өлбөгөн жанга көрүп коелу.
- Ананчы, өлүп кетелиби, балдар эмне, чоңойсо өзү менен өзү кетет экен, карды ток, кийими бүтүн.
- Анда кечинде даяр тур, мен машина менен барам.
- Болуптур, - деген Урматкан кыңылдап ырдай дүкөндү жууп, баарын тазалап коюп, үйүнө жөнөдү. Үйүнө келсе, балдары тамак жасап жатыптыр, бириси камыр жууруп, нан жасаса, бири үйүнүн полун жууп, жыйнап жатат, кыскасы, эң кичүүсү дагы эшигин шыпырып жаткан экен. Балдарынын бул кылганына ичинен кубанып: "Өзүм тарбиялаган балдар, кудай буйруса жакшы үйрөтүп жатам", - деп ойлонуп, компое кийим-кечесин которуп, чачын оңдоп тарап, желкесине түйдү да, жоолукту чыкыйта байлап алып, көзүн-кашын боенуп, даяр турду.
- Темир, сен балдардын улуусусуң го, мен кечиксем, эшикти бекитип жатып алгыла, буларга баш көз бол макулбу? - деп балдарына карады.
- Макул апа, сиз каякка барасыз?
- Бир таанышым той берип жатыптыр, күндүзү колум бошобойт, Калима менен барып келе калайын.
- Эрте келесизби?
- Ким билет, эрте келгенге аракет кылам, кокус кечигип калсам, эшиктерди бекитип алгыла, - деди кайталай. Ошол убакта үйдүн тушуна жеңил машина токтоп калды, шашылган Урматкан короодон чыгып, Калиманын жанына отуруп жөнөдү.
- Менин подругам, таанышып койгула, аты Урматкан, - деп Калима аны тааныштырып калды.
- Жакшы экен, мен Өмүрбек, - деди алдыда отурганы башын бери бура жылмайып.
- Менин атым Жапаркул, - деди дагы бири.
- Эмесе таанышып алдык, кайда барабыз? - деди айдоочу жолду караган бойдон суроо сала.
- Айдай бер, эс алуучу жайга, - деп Жапаркул каткырып калды.
- Баягы көнгөн жакка да, кайда болмок эле, бу келиндердин дагы эригип-зеригип жүргөн кези болсо керек, бир көңүл ачалы, - Өмүрбек айдоочуга колун жаңсап койду, - Менимче, бизди күтүп жатышса керек?
- Кеттик анда, - деп айдоочу унчукпай кете берди. Алар айылдан алыс жайгашкан мал сарайга барды, аерде чабыр кой баккан Алымбек бар болчу. Күндүзү Жапаркул менен Өмүрбек келип бир козуну даярдатып койгон. Төш тарапты көздөй зымыраган машина өңгүл-дөңгүл жолдордо карс-курс этип, кетип жатты. Сарайга жете бергенде, арсылдаган иттер ээрчий ажылдап, кошо жүгүргөндө, үйдөн чыга калган койчунун аялы:
- Кет, кет дейм! - деп иттерин ары айдап жөнөдү.
- Келгиле, - деп койчу, өзү тосуп алды аларды, - Келдиңерби?
- Келбей анан, - Жапаркул койчу менен учурашып калды, калганы машинадан түшүп, эки жакты карай ырахаттана туруп калганда, койчу аларды үйгө баштады. Булар Алымбек менен Арзыгүл эле, жаштары ортолоп калса дагы, кой багуу менен алек.
Жапаркул менен Өмүрбек машинадан алып келгендерин түшүрүп, ичкери киргизди да, орун алышты. Арзыгүл дасторконун жайып, үстүнө өздөрү алып келгендерин жайнатып, чай куюп отурду:
- Жеңе кандайсыз анан, денсоолуктар жайындабы, неберелер чоңоюп жатабы? - Жапаркул үй ээсине жаркылдай суроо салды.
- Кудайга шүгүр айланайын, неберелер менен алышып жатабыз акең экөөбүз, картайдык коюңарды алгыла, тынч отуралы эми десек, болбой чабыр койду берип койгон, ушинтип жатабыз.
- Өзүңүздөр деле малга көнүп калгансыздар да, ошондуктан кете албайсыздар, малды ишенген үчүн башкарма дагы, сиздерди колдон чыгаргысы келбейт да?
- Ошентип жатышат, пенсияны алып иштей бергиле, деп жатпайбы? - деп Алымбек мактангандай болду. Арзыгүл бир кезде, табакка үймө кылып, боор куурдак алып келди эле, анын артынан койкойгон ак моюн Русскийден кошо койду дасторконго, бапылдаган Жапаркул колуна бөтөлкөнү алып, стакандарга куйду да, ар бирине карматып, өзү бирин алып:
- Кана эмесе, бүгүнкү таанышканыбыз үчүн, денсоолукта, ойноп-күлүп оорубай, кайда болсо бирибизди-бирибиз, жүз грамм деп тоорубай аман жүрө берелик, алып койгула эми, - деди беркилерди карай.
- Мен иччү эмес элем, - Урматкан саал тартына карады, - Мүмкүн болсо, кыстабай эле койсоңуздар.
- Ошо кантип болсун, сиздердей сулуу келиндер үчүн алып жатсак, силер албайм десеңер кандай болот? - деди баятан бери унчукпай отурган Өмүрбек, - Анда биз деле ичпей коебуз.
- Туп-па туура, келиндер ичпесе, бизге эмне, биз дагы ичпейбиз, - деп Жапаркул колундагысын жерге койду, - Урматкан бизди жактырбай калган го?
- Жо-жок, чынында ичкен эмесмин.
- Койчу ай, ичпесең ичип кой, ушунча кишинин сен үчүн таптакыр эле кадыры жокпу ыя? - деп Калима чыкты бир жагынан.
- Кечирип койгулачы эми, ооз тийип берейин, - деп Урматкан ого бетер сүзүлө жылмайганда, Жапаркул ага жакындай отуруп алып, стаканына стаканды тийгизе:
- Келиңиз алып коелу, ак улакты соелу, шараптан ичип батыраак, эт-шорпого тоелу! - деп анан, - Эмесе сизден келсин, сүзүлүшүң аркардын өзү, көздөрүң карагат өзү, оозуңуз оймоктой экен, кашыңыз чыккан айдын эле өзү, тийишпей кое албадым, деги мен сизге жагамбы өзү? - дегенде баары күлүп калышты.
- Өзү-өзү эле дейсиң, ким ал? - деп Өмүрбек күлүп калды.
- Ушу келин эле өзү, - деп Жапаркул купшуңдап койду. Өмүрбек менен Калиманын башынан мамилеси бар болчу. Экөө сыр билгизбей отурушту. Жапаркул Урматканга улам тийишип, аз-аздап ичирип жатып, кызып калды. Козунун эти бышканча, баары кызуу болуп калышты, анан эшикке чыгып, дөңгө отурушту, ала чыккан арагын стаканга куюп, дагы бирден ичип, Өмүрбек менен Калима кокту жакты көздөй кеткенде, Жапаркул Урматкандын ийинине колун кое:
- Экөө кетип, экөөбүз калдык, ээн эркин отуралык, мүнөзүбүз келишсе достошуп, келбесе тынчыраак эле кайталык ээ? - деди күлө карап.
- Сөзүңүз табышмактуу, карашыңыз башкача, жүрөгүңүз каалап турса, сүйлөшсөк болоор ынтымактуу, - дегенде:
- Ап-п бали Урматкан, сөзүң акыйкат болду, - деп кучактай, көк шиберге отурушту, - Өзүң жөнүндө айтчы эми. Кулак түрө угайын.
- Менде беш бала бар, күйөөм бир жарым жыл мурун күтүүсүз өлүп калды, оорубай этпей эле кете берди…
- Жаман иш болуптур, балдар бойго жетип калгандыр…
- Оо кайдан, алды он бешке араң чыкты, үч уул эки кызым бар.
- Өлгөндүн өзүнүн шору дешет го?
- Ошондой экен, акырындап унутпасак да, сууп баратабыз.
- Жашоо ошондой Урматкан, менин үч уулум бар, аялым абдан кызганчаак, ошого карабай кыз-келинди көргөндө, көзүм кызарып кеткен адатым бар, - деп тамашалай күлдү, андан кийин дагы бирден алышты. Өмүрбектерден дайын жок. Экөө кобурашып көпкө отурушту, улам сарай жакты карап коюшат, кечке маал машина келмек, кайрадан жолго чыгып, үй-үйүнө жөнөшөт, бирок машинанын карааны көрүнбөдү. Тээ бир оокумда шаңкылдай күлгөн Калиманын үнү угулганынан карашса, экөө кучакташып келе жатыптыр.
- Оо-ой келгиле! - деп сарай жактан Алымбек колун булгалап калганда, алар ылдыйлап жөнөштү.
- Силер эмне, булактан алтын издеп жүрдүңөрбү же кен казып жаттыңарбы? - деп аларга Жапаркул тийише сүйлөдү.
- Казчуну каздык да, - деп Өмүрбек каткырып койду.
- Азаматтар эй, деги кыйынсыңар да, ынтымагыңарга баракелде!
- Өзүңөр ынтымакташып албайсыңар, ынтымакташып кен казгандарды көрө албайсыңар, - деп Калима чоюла басып, алдыда кетип баратып, бурула карап койду.
- Экөөңөр кендин кайда экенин таап алсаңар, кийин биз дагы билип калаарбыз, - деди Жапаркул. Алар келээри менен колдоруна суу куюп, анан үйгө киргизди Камчыбек. Жаш козунун этинен жеп, шорподон ичишти, кайрадан ак моюндан ачып, идиштерге куюлуп алдыга келди.
- Келгиле анда, бүгүнкү күн үчүн ичели, ынтымактуу кен казгыч геологдордон бололу! - деп көтөрдү Жапаркул.
- Адегенде үйрөнгүлө, андан кийин казасыңар, - Өмүрбек экөөнө карап, көз кысты, - Калима экөөбүз көптөн бери геологдон өтүп калдык, бизге теңелишке али көп бар!
- Геологсуңарбы? - деп сурап калды Урматкан, баятан бери угуп жаткан сөзгө түшүнө бербей.
- Жапаркул үйүндө казат, эми коендон жоош болуп жатат го? - Өмүрбек каткыра, санын чаап калды.
- Шашпа, экөөбүз бүгүн кен казабыз, - деди Жапаркул ага көзүн кысып.
- Түшүнсөм өлөйүн, - деп койду Урматкан. Ал көбүрөөк ичип алганга, башы ооруп уйкусу келе баштаган, келем деген айдоочу жок, ал күнү калып калышты, күүгүм кире алдыларына төшөк алып, алдыда төш тарапка чыгып кетти. Жапаркул менен Урматкан экөө бирге отуруп, Өмүрбектер ары көздөй кетип калышты. Имере кармап кучактап өөп:
- Урматкан, эми өзүң билесиң да, аял менен эркекти бириктирген бир гана нерсе бар, көңүлүмө жагып калдың, бизге берилген керемет түндү бекерге өткөрбөйлү, кел бирге калкып, асманда сүзүп, ырахаттын көлүнө калкыйлы, - деп төшөккө жыкты.
- Неге, жөн сүйлөшүп отурсак болбойбу? - деди наздуу шыңгыр күлкүсүн чыгара Урматкан, - Жөн жат эми.
- Жаныңда суйкайган сулуу келин жатса, кандай эркек жата алат?
- Эмнеге отуздан жаңы ашкан келин кыздан айрымасы жоктур? - деп болбой эле, жулмалап кирди.
Төшөнгөн төшөк биякта калды, көк шиберди уйпалап, тээ бир убакка чейин келиндин кылыктуу дабышы менен эркектин күшүлдөгөн үндөрү угулуп, түнкү тынчтыкты бузуп жатты.
- Мен эри өлгөн жесир аялмын, кокус боюма болуп калса, эмне болот? - деди шыбырай Урматкан.
- Болбойт, болсо көрө жатаарбыз, - деп эч нерсеге карабай өпкүлөп жатты, махабаттын туу чокусуна чыгып, керемет дүйнөнү аралап, чалкыган көлдө сүзгөн учурда ким гана убада бербеген.
- Башкача жан экенсиң.
- Эмнеге?
- Күйөөм мындай эмес болчу.
- Кандай эле?
- Эритип жиберген кудурети жок болчу.
- Алсыз беле?
- Жок ай, алдуу-күчтүү эле, бирок мындайга жок болчу, бала жаратканга жакшы эле… - Шыңк эте күлүп койду.
- Чынбы, ырахат алдыңбы?
- Ооба, укмуш экенсиң ай.
- Жолугуп жүрөлү ээ?
- Кааласаң.
- Сүйлөштүк анда, кел эми, дагы бир жолу, андан кийин эс алалы, - Жапаркул кайрадан өпкүлөп кирди.
- Аялыңды ушундай рахатка бөлөйсүңбү?
- Аял менен ойношко кылган мамиленин ортосу эки башка болот, сен уктуң беле: "Ойнош оттон ысык", - деп.
- Уккамын: "Кала берсе боктон сасык калаарын" , - Урматкан шыңкылдай күлүп калды, - Убагы келгенде сасып каласың де…
- Жоок алтышка, эгер сен мени жакшы көрсөң өмүр бою сени менен жүрөм, аялыма билгизбей канча жакшы күндөрдү, махабаттуу түндөрдү өткөрөбүз.
- Качан аялынан чыгып, мага келет деп, акыйып күтө берет экенмин да?
- Келээр күнүмдү өзүм айтам, даярданып турасың.
- Болуптур, деги сага жактымбы? - Наздана эркектин мойнуна колун артты, - Бирөөгө жагаар бекенмин деги?
- Мага албетте жактың, - деп Жапаркул сүйлөп да, демиге күшүлдөп да жатты. Экөө таң агарганда гана көздөрү сүзүлө, кучакташып уйкуга кирди. Күн көтөрүлгөндө ойгонушту, Өмүрбек менен Калима эбак келип, алардын ойгонушун күтүп отурушкан экен.
- Уйкуңар кандыбы, түнү бою уктабай алтын казгансыңар го? - деп Өмүрбек тамашалай каткырды.
- Кен табылды… - Жапаркул уйкулуу жооп берди.
- Молодец, ошону билип биз алысыраак кетпедикпи.
- Чогуу бир жерде болсок, тиги сарай солкулдап урап кетмек, - баары күлүп калышты. Төртөө дөңдөн түшүп келип сарайга киришти. Алымбектер эбак эле туруп, күнүмдүк тиричилигине киришишкен. Тамак ысытып ичип, анан калган арактарын ичишти. Машинасы кечигип жатты. Ага чейин төртөө кайрадан, Алымбекти айылдагы дүкөнгө жөнөтүп, арак алдырып, күрү-гүү болуп, каткырып-күлкүгө мас болуп отурушкан. Бир кезде жигули келип токтогондо, Өмүрбек жеңил боло чыга калды.
- Ой сен эмне кечиктиң?
- Манастан Чубак кем бекен? - деп Токтосун каткырып койду, көрсө анын жанындагы дагы моймолжуган жаш, сулуу келинчек отуруптур, аны көргөн Өмүрбек:
- Андай болсо, чогуу эле биерде болбойт белек? - деди күлө. Токтосун өтө тигилерден жашыраак болчу, ошондуктан уялып калды.
- Сиздерге кантип аралашмак элем?
- Ма-акул эми, үйгө кирип тамак ичкиле, анан жолго чыгалы, - деп ичкери киргизди. Шопурга деп алып койгон устуканды кошуп, Сабирага да мүчө беришти. Арактан куйду эле, Сабира ичпей койду. Аны Урматкан таанычу, экөө бири-бирин карап, баш ийкеше тим болду. Сабира жаңы эле күйөөсүнөн ажырашып келген, жыйырма бештердеги келин болчу. Токтосун аялынан ажырашып жүргөн. Экөөнүн жылдыздары келишип, сүйлөшүп, анан бир жаздыкка баш коюп, үйлөнмөк болуп жүрүшкөн.
- Кана эмесе ушул эки жаштын тилеген тилеги ишке ашып, келечекте бактылуу жубайлардан болушсун! - деп тост көтөрдү Өмүрбек.
- Туура Токтосун менен Сабиранын бактылуу болушу үчүн ичели!
- Бактылуу болгула! - дешип алып ийишти.
- Рахмат сиздерге! - деп Токтосун аларга күлө карады, - Айтканыңыздар келсин.
- "Миң кишинин нааласына калгыча, жети кишинин батасын ал", - деген илгерки ата-бабалар, биерде туура тогуз киши экенбиз, - деди Жапаркул күлүп, - Биздин батабызды алсаң, жерде калбайсың.
- Сиздерге рахмат.
- Аман болгула, бирок кечикпей жүргүлө, - деди Өмүрбек Токтосунга карап, - Келем дегенде келиш керек!
Баары ала-гүү болуп, машинага отурушту. Жолдо келе жатып ырдап келе жатышты, адегенде Урматкан үйүндө калды. Келсе балдарынын бири жок, үй бек, көрсө ичинен илип алып, уктап жатыптыр. Урматкан эшикти такылдатты эле, тестиер кызы ачты:
- Ушул убакка чейин уктап жатасыңарбы ыя?
- Мен качан эле ойгонгом, акемдер уктап жатат.
- Эшикке чыгып карап койбойсуңарбы? - деп өзү зорго уйкусу келип турган Урматкан кирип балдарын ойготту.
Уландысы бар.
САЛАМАТСЫЗДАРБЫ СИЗДЕР УЧУН ДАГЫ БИР АВТОРДУК ЧЫГАРМА КЛАСС БАСЫП ОЙ ПИКИР КАЛТЫРА КЕТИНИЗДЕР...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев