Предыдущая публикация
Мен өзгөрөм, койдум жаңы кадамды,
Баалай билем жакшыны да жаманды.
Бул күндөрүм өтүп кетет эрте эле,
Күнөөлөбөйм жашап жаткан заманды.
Мен адашпай, басам туура жолумда,
Чын жүрөктөн жакшы ниет оюмда.
Максатыма жетсем болду өкүнбөй,
Мейли байлык болбосо да колумда.
Мен өзгөрөм, күнөө жолду көрбөгөн,
Момун болом ак кара деп бөлбөгөн.
Мамилени бирдей кылам баарына,
Башкаларды жерге уруп күлбөгөн.
Мен жаңылбай, жашоо сүрсөм оюмда,
Жакшы жубай жолуктурам жолумда.
Эң бактылуу бүлө болуп түбөлүк.
Батаа алсам, үлпөт кошкон тоюмда.
Автору.АзИрЕт НуРбЕкОвИч...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 44
Бар бол ,чыгармачылык ийгилик каалайм!!!
Ар бир жазган ыр саптарынды берилип окуйм
Ар дайым жакшы жакка озгоулуп,жакшы жакка кадам таштай бер
Караны актан бөлбөсөң.
Карасын такыр көрбөсөң.
Калыстыгың каякта? - деген.
Жарым сөздөн түшүнөт.
Баарыбыз үчүн жанып турган ай болуңуз.
Сиз менен сыймыктанамын дайым