Адамдын кашы анын маанайын же болбосо кызыгуучулугун гана билдирбейт. Эгер каш сейрек өсө баштаса, анда дарыгерге көрүнүү керек. Анткени, адистер муну калкан безинин оорусунун белгиси дешет.
Каштын түшүшү өзгөчө аялдарда көп кездешет. Бирок алар мунун дарт экенин билбегендиктен, кашын боёп, сезбей жүрө беришет. Дарыгерлерлин айтуусу боюнча, каштын ички жагы сейрек боло баштаса, бул гипотиреоз оорусу тактап айтканда, калкан безинин активдүүлүгүнүн төмөндөшүнүн белгиси.
Көп учурда, гипотиреоз аялдар менен жашы 50дөн ашкан эркектерде кездешет. Анын белгилери көп, мисалы: тынчсыздануу менен стресс, ашыкча салмак кошуу, этек кир келгенде ичтин катуу ооорусу, муун менен булчуң эттердин оорусу, ичтин катышы, чач менен теринин кургап кетүүсү, добуштун кырылдап чыгышы.
Эгер сиз ушул белгилерди байкасаңыз, анда сиздин калкан безиңиз бөлгөн гормондордун саны азайып кеткен. Бирок, мындан трагедия жасоонун кереги жок. Гипотериоз оорусун дарыгерлер кан аркылуу оңой аныктай алышат. Ал эми андан дарылануу үчүн гормоналдык препараттарды пайдалануу кажет. Ошондо сейрек өскөн кашыңыз кайра калыбына келип, организмдеги башка дагы оорулар айыгат. Эң алгач эле дарыгерлерге кайрылып кеңеш алган оң.
#12
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев