Биз баарыбыз качандыр бир убакта хна менен чач боёп көргөнбүз. Илгертен бери чачка кам көрүүдө колдонулуп келген боёкту жакшы деп келишсе, чач тарастар хнанын зыян экенин айтып келишет.
Хнанын жакшы жактары:
-Хна бул лавсония деп аталган өсүмдүктүн кургатылган жалбырагынан жасалат
-Хна чачка кам көрөт. Ал чачты жылтыратып, кайраттуу кылат
-Хна чачка боёктон ала албаган табигый саргыч түс берет
-Хна баш терисинин кычкыл балансын жөнгө салып, кычышууну жоготот.
- Хна какач менен тез жана натыйжалуу күрөшөт
-Хнанын курамында аммиак жок болгондуктан уулуу эмес жана аллергияны пайда кылбайт
-Хна чачты сырттан келүүчү терс таасирлерден коргойт
-Сиз чачыңызга хнаны көп убакытка коюп койсоңуз да, чачыңыз бузулбайт
-Хна арзан турат
-Хна чачтан оңой менен кетпейт
-Хнаны колдонуу оңой
Хнанын терс жактары:
-Хна менен боёлгон чачтарды кайра боё мүмкүн эмес. Себеби хна пайда кылган коргоочу пленка боёктун чачка кирүүсүнө жол бербейт
-Хна чачты кургатып жиберет. Аны көп колдонгондордун чачтарынын учтары ачакей болуп кетет
-Хна менен чач боё бир канча убакытка созулат
-Күрөң, кара хна болбойт, алар кошулмалар. Табигый хна сары түс берет жана чөп жыттанып турат.
Чачты хна менен кантип боё керек?
1. Көлөмүн билиңиз
Эгерде сиздин чачтарыңыз далыңызга чейин болсо, анда 500 грамм, эгерде чачыңыз ийниңизге чейин болсо 200 грамм ал эми чачыңыз кыска болсо 100 грамм хна кетет.
2.Ботко жасаңыз
Кермаикалык идиш алыңыз да ага сүт куюп, хнаны кошуңуз. Эгерде чачыңыз майлуу болсо сүт эмес, суу колдонуңуз дагы ага бир тамчы лимон согун кошуп коюңуз. Хна каймактай болуп калгыча аралаштырып туруп 10-12 саатка капкагын жаап коюп коюңуз.
3. Чачыңызды даярдаңыз
Чачыңызды жууп, кургатып алыңыз. Химиялык боёктордон айырмаланып хнаны таза чачка сүртүү керек.
4. Боёп баштаңыз
10-12 саат кармалган хнаны жылытып алыңыз дагы чачыңыздын түбүнөн учуна чейин сүртүңүз. Хна жуусаң оңой менен кетпегендиктен тамызып алуудан сак болуңуз.
5. Жылытыңыз
Хнаны чачка сүртүп бүткөн соң башыңызды жылуу ороп алып, 4 саат кармаңыз.
6. Жууп салыңыз
Чачыңызды жакшылап жууп алыңыз. Чачыңызды бир сыйра жууп салган соң, кондиционер сүйкөп туруп, тарак менен тарасаңыз хна оңой кетет. Ошондой эле 3 күн чачыңызды жуубай, фен менен кургатпай турганыңыз оң.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев