~
Заңгыраган кооз тойканада эки жаштын үйлөнү үлпөтү шаңдуу өтүп жаткан. Төрдөгү бийик секичеде тойдун күнөөкөрлөрү болушкан келин менен күйөө жигит бакыттын кучагында термелишип, жүздөрүнөн кубаныч төгүлүп турган эле. Ортодо күйөө жигиттин апасы кубанычына жетине албай туугандары менен бийге түшүп бийлеп, кайра ары-бери жүгүрүп кудалары менен меймандарды жайгарып жүрдү. Бүгүн байкуш эненин бактысын сөз менен айтып жеткирүү кыйын болчу. Анткени жаштайынан атасынан жетим калган жалгыз уулу, таянар тоосу болгон баласы аман-эсен эр жетип түндүк көтөрүп жаткан эле. Тойго келген бардык коноктор, тууган-уруктар ортодо күйпөлөктөп жүргөн апаны кезектешип куттуктап жатышты. Көп адамдар кыз-күйөөнү суктанып да, кызганып да карап отурушту... Бирок чачтарын ак басып жашына келип калган апаны тойдо бир адам жаман көрүп жактырбай отурду... Ал келини эле... Ал акыры чыдабай кетти да жанында кубанычтуу отурган күйөөсүнө башын жакындатып:
- "Жаным! Апаңа барып бир ооз айтып койчу, делдектеп ары-бери жүгүрүп, бийге түшүп жыргабай бир жерде тынч отурсун. Менин төркүндөрүм, туугандарым, досторум эмне деп атышат болду экен? Эртең эле баары артымдан айтып шылдыңдашат. Апаң мени уят кылып атат! Эгер бир жерде тынч алып отура албаса башка жерге жумшап жиберели. Абийирибизди төгүп атат...",- деп жалооруп шыбырады.
Жигит болочок келинчегин карап күлдү да, макул болгондой ордунан туруп бийлеп жаткан элди көздөй жөнөдү. Күйөө жигиттин келе жатканын көргөн эл, ортодо бийлеп жаткан апасын куттуктаганы келе жаткан экен деп жарданып карап калышты. Бирок жигит апасынын жанына токтобостон шыр өттү да ырчылар турган аянтчага жөнөдү... Ырчыларга жетип жаңырып жаткан ырды токтотторуп тамаданын колунан үн таягын (микрофон) жулуп алды да залга ызырынып карап:
- "Апам кимге керек?",- деп элге суроо берди да токтоп калды. Жаңы эле шаңга бөлөнүп турган чоң тойкананы өлүү жымжырттык каптады. Энелерин кыйнап тынчтык бербей жаткан балдар да кулак түргөндөй тыптынч болуп калды... Бардык коноктор, тууган уруктар, кудалар, достор күйөө жигиттин суроосуна түшүнө алышпай, дагы эмне болуп кетет дегендей тунжурап карап калышты. Элди жаман көзү менен караган жигит:
- "Мен сурап атам! Менин апам кимге керек? Кимиңерге керек? Апам кимге керек?!",- деп кайрадан залды жаңырта бакырды. Эч кимден үн чыкпады. Аракка тоюп кызып бараткан мастар да соолуккандай жымжырт. Көп адамдар жигитке ачуусу келип ичтеринен: "Акмак десе! Бул келесоо үйлөнө албай эле жүргөн тура! Энесинен эмитен кутула албай жатабы? Байкуш гана эне!!! Шоруң каткан эне!!! Тукумуң үзүлгүр!" дешип каргап жатышты... Ушул көз ирмемде бир гана келин жетине албай кубанып: "Ии, жаным десе! Бул азыр эле менин айткандарымды кылып жатат. Эртең эле энесине кошуп оңой эле башкарып алат экенмин да",- деп ичинен сүйлөнүп да алды...
Жаңы эле дене-боюн балкыткан чексиз бакытын, кубанычын бороон-чапкын келип талкалап-учуруп кеткендей болуп өз уулунан башка жегендей апа байкуш турган ордунда нес болуп көзүнөн жаш сызылып баштады. Элден айбыгып канчалык жашырайын десе дагы болбостон биринин артынан бири түрткөн тентек тамчылар көзүнөн от болуп, арман болуп төгүлө баштады... Өмүрүнүн жарыгы болгон, бүткүл жашоосун арнаган карачечекей жалгыз уулунун өзүнөн баш тартып аткандай кылыгына ичи ачышып ыйлап турду...
Күйөө жигит жардана караган элди, бийик секиде колун булгалап кубанып отурган келинчегин жана элдин ортосунда заманасы курулуп бечара болуп турган апакесин карады да:
- "АПАМ МАГА КЕРЕК! АПАМ МАГА КЕРЕК!!!",- деп кыйкырды!!! Анан колундагы жаңы эле тагылган нике шакегин булкуп чечти да келинди көздөй ыргытып:
- "Мен сага талак бердим!",- деп айтты да, апасына кучагын жайып жетип кучактап ыйлап, колунан жетелеген боюнча тойканадан кетмекчи болду. Эстерине келип, түштөрүнөн ойгонгондой келиндин жакындары, туугандары ызы-чуу салып күйөө жигитти жолунан тороп токтотмокчу болушту. Бирок күүлөнүп алган жигит эч кимисине баш бербей босогого жакындай берди. Акыры кыздын атасы жигитти токтотту да, эмне болгонун түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Жигит болгон окуяны баштан-аяк түшүндүрүп айтып берди да туруп калды.
Кыздын атасынын жүзү жаркып, ызылдаган туугандарын катуу айтып жаактарын басты да күйөө жигитти катуу кучактап:
- "Эх, чиркин! Сендей уулду тарбиялаган апакеңе миң ирет алкыш айтып таазим кылам. Аттиң, сендей күйөө балам болгондо эч арманым болбос эле! Бирок мендей кызына тарбия бере албаган жаман атаны кечир, балам! Ак жолуң ачылсын!",- деп жигитке ыраазы болуп, апасы экөөнө рахмат айтып, батасын берип өзү узатып жиберди... Элдин баары көздөрүнө жаш алып эне менен баланы суктана карап узатып карап турушту...
📗"Бир жээндин аманаты" китебинен
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев