Предыдущая публикация
Бир акынды сүйүп калдым аябай ,
Мурду анын чоң экенин карабай.
Профилине кирип алып аңтарып ,
Ырларын бүт окуй берем жадабай.
Ал "Тормозбек" жүрөт мени карабай,
Катып калган какырыкка санабай .
Мага болсо абсолютно всё равно,
Таарынбаймын, тултуңдап жаш баладай.
Көрбөй калсам көзүм ооруп калат ай,
Эстегенде тишим кетет канап ай.
Күйүтүмөн күрмөмдү бүт тыткылап,
Анан кайра кечке отурам жамап ай.
Мен чырпыкмын, а сен катуу карагай,
Сүйүшкөнгө калдыкпы биз жарабай?!
Профилиңе жашап калдым өңдөнөм,
Потому что ,сугум койду тарабай.
Автор :Дана
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев