Анын жүрүшүндө жабырлануучу Эмилбек Каптагаев шаардык соттон Жапаровду актоону өтүндү.
"Садыр Жапаровду кармоого бир гана Кенжебек Жумабаевдин арызы негиз болуп турат. Ал өзү да Караколдогу митингде күнөөлүү деп табылып соттолгон. Былтыр мен соттордо андан да толук такып сурадым. Ал "мен ошол митингди журналист катары жакындан көрүш үчүн сизди барымтага алып отургузган унаанын жанына келгем" деп айткан болчу. Бүгүн Жапаров анын арызынын негизинде камакта жатат. Мен күнөөлүү адамды актагым келбейт. Бирок мен жабырлануучу катары көрсөтүлгөн иште Жапаровдун күнөөсү жок. Менин атыма байланышкан иште адам негизсиз соттолуп кетпеши керек. Сот Жапаровду мени барымтага алууга катышкан деп күнөөлөп 11 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Ал митингге анын тиешеси жок. Садыр Жапаров акталышы керек", - деди Каптагаев.
Кийинки отурум шаардык сотто 7-сентябрь күнү саат 10:00дө улантылат. Анда 2010-жылдын 7-октябрындагы Каракол шаарындагы митинг боюнча күбөлөр кайра суралат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 257