— Саламатсызбы Садыр Нуркожоевич ! Сизге Obon.kg сайтынан бир нече суроолорубуз менен кайрылып жатабыз.
— Сизди 25-мартта Кыргызстанга келет деген сөздөр чынбы?
— Ооба, чын. Кудай буюрса 25-март күнү Кыргызстанда болом.
— Жакында эле ММКлардан Садыр Жапаровко бийликтегилер жаңы иш даярдап жатыптыр, 2013-жылы Каптагаевди барымтага алгандардын артында сизди турган дегизип, камакта олтурган балдардан илгерки күндөр менен зордоп көрсөтмө алышыптыр деген маалыматтар чыкты эле. Сизге чындап эле иш козгоп койсо, коркуп келбей койбойсузбу?
— Кыргызда жакшы сөз бар. «Айтылган сөз, атылган ок» дейт.
Анын сыңарындай кандай гана жасалма «Белиз гейт», «Юпи гейт», «Каптагаев гейттерин даярдап койбосун, сөзсүз келем. Коркпойм. Киши өлтүргөн жокмун. Ал эми сиз сураган 2013-жылдагы Каптагаевди барымтага алган иш боюнча болсо, ал убакта мен өлкөдө жок болгом. Бир тууган инимди алып, мурда эле Кыргызстандан чыгып кеткем. Митинг уюштурмак түгүл, инимдин бөйрөгүн алмаштырганга акчам жок, көрүнгөндөн карыз сурап жүргөм. Мен силерге чындыкты айтып коеюн. Ал окуяны бийлик өзү уюштурган. Бийликтин максаты, Кумтөр боюнча баш көтөргөн лидер балдардын баарын камаш керек болчу. Ошол максатына жетти. Кумтөр деп чыгып жүрүшкөн Жети-Өгүздүк лидер балдардын баарын камады, соттоду. Себеби, алар бийликтин Кумтөрдөн кенен-кесир ичип-жеп жаткандарына аябагандай тоскоол болуп жүрүшкөн эле. Ошол мезгилде Саруу айылынын балдарынын арасынан бийлике сатылгандары, УКМКнын кызматкерлери, губернатор баш болуп, биргеликте, жашыруун уюштурган кылдат сценарий болгон. Лидер балдар болсо, алардын жетегине алданып калышкан.
-Анда эмнеге мунун баарын көпчүлүк эл билбейт? Эл арасында башкача сөздөр жүрүп жатат го?
-Бийликтин КТР деген күчтүү куралы бар. Эл телевидениеге ишенет эмеспи. Ал жактан таптакыр тескери маалымат берип, Көлдүктөрдүн башын айлантып койгон. Ошол үчүн башкача сүйлөп жүрүшөт да. Андан сырткары «адам акмагы менен миң» дегендей, жанагы бийлике сатылып кеткендер элге ар кандай калп ушактарды таратып койсо, ишенип калышат экен да. Азыр эл чындыктан көрө калпка тез ишенет экен.
-Демек сиздин катыштыгыңыз жок экен да?
-Катыштыгым болгондо ошондо эле иш козгоп, дүйнөнү дүңгүрөтө издөө салып, эл аралык издөө жарыялап коюшмак да. Экинчиден мен митинг уюштурсам жеке өзүм башында туруп, озум башкармакмын.
—Азыр эмне менен алексиз? Эл аралык сотко берүү боюнча бир аз кагаз иштерим калды. Мартка чейин бүтүп калат буюрса. Анан барып калам. Кумтөр боюнча мен билгенден 2005-жылдан бери талыкпай күрөшүп келе жатасыз. Максатыныз эмне? Кумтөрдү мамлекетке алышпы же эл аралык соттон үч миллиард доллар утуп алып эле тынчып калышпы?
-Кумтөр бүтүндөй мамлекетти багып кете турган алтын кенибиз. Ата-бабаларыбыз бизге калтырып кеткен мурасыбыз, байлыгыбыз, баардык Кыргызстандыктардын ырыскысы болчу. Аны башка бирөөлөр тоноп кетпеш керек эле. Тилекке каршы элибиз уктап жатып, тонотуп жибериптирбиз. Дагы деле тоноп жатышат. Менин максатым, мындан ары, калган байлыкты өз элибиз үчүн иштетүү. Ар бир Кыргызстандык жаран алтын табактан күмүш кашык менен тамак ичүүгө азыр деле мүмкүнчүлүгү бар. Ушул мүмкүнчүлүгүбүздү колдон чыгарып жибербешибиз керек. Ал үчүн жалпы Кыргызстандыктар кайдыгер болбошу керек. Кумтөр деп Көлдүктөр чыкса Көлдүн көйгөйу экен, Чаткалдыктар чыкса Чаткалдын көйгөйү экен деп жата бербестен, баарыбыз бир жакадан баш, бир женден кол чыгарышыбыз керек. Мына ошондо гана ийгиликтерге жетебиз. Элибизди тентитпейбиз. Кайдыгерлигибиздин айынан элибиздин жарымы сыртта жүрөт. Алма быш, оозума түш деп жата берсек эч ким биздин оозубузга аш салып бербейт. Мындай кырдаалда журналисттер дагы мекенчилдик сезиминерди ойготуп, так маалыматтарды элге таратып турушунар керек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 79
Садыр Жапаров кайра 2010 жылы парламентке шайланып келип 2012 жылы кумтор маселесин которуп чыгып комиссия туздуруп 4 ай бою кумторду иликтеп мына азыркы айтып жаткан проблемалардын баарын таап чыккан.
2013 жылы элди площадка чогултуп баарына маалымат берген, чындыкты жашырбай, коркпой алып чыккан.
Азыркы кунго чейин чуркап журот кумторду алып калалы деп.
Бирок сиз саясатты жакшы деле тушунбойт экенсиз мындайле устуртон карап коёсуз, ошого ким иштеп ата, ким иштебейле маани бербейсиз