Урматтуу бир тууганым,Жараткан Зат сиз менен бизге бир канча өкүмдөрдү берген. Ким ал өкүмдөрдү аткарып жашаса,Аллаh ыраазы болот.Караңыз :Сизди Жараткан Затты ыраазы кылуу оңой эле,Ал тыйуу салган нерседен тыйыласыз, башкача айтканда кыл дегенин кыласыз,кылба дегенин кылбай коёсуз,болду! Жараткандын өкүмдөрүн аткарганыңыз үчүн сизди түбөлүктүү бейиш күтүп турат....
Ал эми тескерисинче болсочу ??? Аллаh сактасын !!!
Бир адам элдерге :"-бир гектар жерге дарбыз айдадым,буйруса күзүндө мынча тонна коон аламын десе,же ушунча тонна картошка аламын"- десе;элдер ал адам жөнүндө эмне деши мумкун:
1)-Бул акылынан адашкан го байкуш.
2) -же акмак экен го !
дешмек.Себеби ага эч ким ишенбейт ,анткени эмнени эксең ошону гана алат эмессиңби ,жана көбөйтүлгөн абалда.
Бул бир болгону мисал.Ал эми бул дүйнө акыреттин эгинзары: эмнени эксең акыретте ошол нерсенин түшүмүн аласың.Андыктан эмненин уругун эгип жатканыңызга бир назар салыңыз,азыр мүмкүнчүлүк бар.
Ушундай бир адамдар бар: Жараткандын бир да өкүмүн аткарбастан туруп бейишти үмүт кылат.Мындай адам дарбыз айдап күзүндө коон алууну үмүт кылган адам сыяктуу.Жараткандын өкүмдөрүн аткарып андан соң бейиш үмүт кылайлы,акылыбыз бар туруп акмак болбойлу...
Бул дагы бир эскертүү гана.Пайда алгандар ала берет.Акыйкатта өлүм күттүрбөй келет,өлүм сааты келгенде кеч болот.
Кимгедир катуу тийсе кечирим сурайм.Акыйкат ачуу болот,дос күйдүрүп айтат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев