Бактысыздык дегендердин баары, ыйман казынасынан жана чыныгы акыйкаттан куру калгандар, алар дайыма бактысыздыкта, кайгы-капада, кордукта жашашат,
"Ал эми, ким Менин зикиримден, дин эрежелери баяндалган Китебимден жүз бурса, ага шордуу жашоо бар". (Таха сүрөөсү: 124-аят)
Бүткүл ааламды жараткан Аллага ыйман келтирмейин бактылуу боло албайсың, руханиятың да тазаланбайт, бактылуу да жашай албайсың, кайгы-капа коркунучтар да кетпейт.
Башына келген оор жүктү, азап-кайгыны, караңгылыкты, кырсык балээлерди кетирүү үчүн ыйман келтирбей эле динсиз жашоодо бактылуу боло алам деп аракет кылып көрүшсүнчү, ыймансыз жашоо кандай бактысыз, бул дүйнөдө Алла Таала көрсөткөн жолдон чыккандарды кандай гана түбөлүктүү каргыштар каптайт.
"Аларга биринчи ирет сунушталганда ыйманга келбегендери сыяктуу биз алардын көздөрүн жана жүрөктөрүн оодарып коёбуз жана аларды адашуучулуктарында тентиген абалда таштап коёбуз". (Анаам сүрөөсү: 110-аят)
Бүткүл аалам Алла Таалага ыйман келтирип, Анын жалгыз экендигине толугу менен канааттанып ишене турган кез келип жетти деген ойдобуз. Анткени, бутпарас, отпарас, капырчылык, атеисттик каргыштуу жана туура эмес жол экендиги билинди.
Пайгамбарлардын жолу туура, Алла Таала бар, бардыгы Анын Падышалык кол астында жана Ал бардык нерсеге Кадыр Зат экендиги айкын болду.
Жылдар, кылымдар бою өтө кыйын тажрыйбаларды адам баласы башынан өткөрүп, чындыгында динсиздик туура эмес жол, бир гана Алланын жолу туура экенин көптөгөн инсандар иш жүзүндө да көрүшүүдө.
Ыйманыңдын кубаттуулугу канчалык болсо, бактылуулугуң да ошончолук болот.
"Эркек болобу же аялбы, ыйманга келип, андан кийин жакшы амалдарды жасаса, Биз аны бул дүйнөдө таза-пакиза жашатабыз жана алардын акыреттик соопторун жасаган амалдарынан жакшыраак сооптор менен кайтарабыз". (Нахл сүрөөсү: 97-аят)
Булар эртең жаркыраган жүзү менен сөзсүз Раббисинин алдына баруу ишеними, чын жүрөктөн Кудайды сүйүү, көкүрөгүндөгү болгон ар кандай жаман нерселерди чыгарып таштоо, кандай гана окуяларга туш болсо да ага сабыр кылып, эгер бир мусийбат келсе ага жүрөгү тынчсызданбай, тагдырына ыраазы болушкандыгы үчүн жакшы таза-пакиза турмушта жашашат, анткени, алар сыйынуучу жалгыз Алла, дини Ислам, Пайгамбары Мухаммед (Алланын тынчтыгы жана саламы болсун) экендигине ишеништи.
КАПАЛАНБА китебинен📚
ИХСАН МЕДИА порталы
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев