Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Уулум «бүгүн апамды өпкөн жоксуң» деп эстетип турат
Балдар үчүн атасы менен апасынын бактылуу экенин көрүү маанилүү экенин кеч түшүнгөнүмө өкүнөм.
Өзүбүз мындайды көрүп чоңойбогондон кийин, аны жасоо кыйын экен. Кичинемде атам апамды эч качан кучактап өпкөн эмес. Сөгүнүп, кагынып — силкинип, жаман сөздөрдү сүйлөп басып жүрчү. Апам байкуштун муңдуу көздөрүн карай албайт элем. Атамдын заар тили апамагана эмес, бизге дагы көп жолу тийди. Ошон үчүнбү, билбейм, айтор сезимдерин сыртка чыгараалбаган жигит болуп бой жеттим.
Аялзатына жакшы мамиле кылуу деген мен үчүн жат нерсе болчу. Досторум кыздарына гүл берип, кучактап өпсө, «ваай» деп колум менен көрсөтүп күлөт элем. Бул көрүнүш келинчегимди