Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
С Е Н Ү Ч Ү Н
Жел болуп чачынды сыласам,
Көзүңөн кусаңды биле алсам,
Аймалап жүзүңдү тынч койбой,
Бойуңду сергитип тура алсам.
Өзүңө жете албай жүргөндө,
Аттиң ай, жел болуп жаралсам.
Узун түн түш болуп бара алсам,
Түйшөлтуп уйкуңдан талашсам.
Түңүлгөн сезимге гүл сунуп,
Түнөрткөн капаңды жойо алсам.
Өзүм да түңүлбөй сен үчүн,
Аттиң ай, түш болуп жаралсам.
Боз туман каптаса өзүңдү,
Ак жаандай арзуумду төгө алсам.
Санаада, сагынып турганда,
Саамайдан бир сылап өбө алсам.
Буулуккан булутка окшошуп,
Сен учун ак жаанга айлансам.
КӨҢҮЛДҮ ӨЗҮН ЫЛАЙЛАП
Себеби жок азап нуруң себеледиң,
Ууңдӯ чачып, ууктуруп жемеледиң.
Ишеничти айнектей чагып салып,
Өчүң бардай, жерге урдун тебеледиң.
Күлүп турдуң, бирок аттиң көрө албадың,
Көп өлтүрдүн, бирок жерге көмө албадың.
Чачылган мончок сындуу ишеничти
Бир өмүр терип издеп таба албадың.
Булактын суусун ичпей ылайладың,
Тунбаса бет кызартып уялбадың.
Мөл булак көк иримде тунуп турса,
Батынып суусуң канып жута албадың..