(Огороддук аптека рубрикасынан)
Кыргызфлора группасы окурмандарга пайдасы болор бекен деп ушул рубриканы сунуштайбыз
Жаз келип, кар кетер менен таенем огородго чыгып, ушул алабата чөптү таап, үзүп келип, майдалап кесип, пияз, жумуртка, май кошуп салат жасачу, суюк тамактарга да кошчу. Витамин жетпей кыйналып турган учурда кадимкидей жыргап калчубуз. Жалбырагын кургатып, майдалап унга кошуп, нан жасачу. Бул чөптө эттегидей белок, аминокислоталар көп болгондуктан, кадимкидей ток кармайт экен. Бир жолу бала бакчадан котур оорусун жуктуруп, ооруп калганым эсимде. Тырманып эле аттым. Таенем бул чөптү кургатып, өрттөп, күлүн казанга кайнатып алып, ошол сууга киринтип, айыктырып алды. Кийин чачым жакшы, калың өссүн деп шампунь ордуна ошондой суу менен башымды жууй турган. Таенемдин балалык чагы согуш мезгилине туш болуп, алабатанын күлүнөн кадимкидей кир самын жасачубуз деп айтып берчү. Ал самын көп тери ооруларына жакшы болуптур.
Бул чөптү чоңоюп, мектепте окуп калган кезимде абдан жаман көрөр элем. «Огородуңду карасаң боло, алабата басып кетиптир» деп урушат эле чоңдор. Помидор менен бадыраңды өстүрбөй, ушул шүмшүк чөп басып кетчү. Кетмен кармап эле керели кечке чапкылап жүрчүмүн. Бирок ошол помидор менен бадыраң ж.б. жашылчаларга караганда алабата чөбү алда канча пайдалуу экен. Мен анын пайдасынын бир азын эле санап берейин.
1. Бул чөптө калий абдан көп. Калий жүрөктү инфарктык абалга жеткирбей, жакшы сактайт. Мээге кислород жеткирип, инсульттун алдын алат. Калий нерв системасынын иштешинде, булчуңдардын жыйрылышында, организмдеги суу балансын сактоодо, кан басымын жана кандагы кантты нормалдуу кармоодо ж.б. чоң роль ойнойт. Гипертониктер, жүрөк оорулуулар, диабетиктер дайыма ушул чөптү ичип турушса, оорусу күчөп, ооруканага жатышпайт.
2. Алабатада рутин бар. Ал кан тамырларды жумшак, ийилчеек кылып бекемдейт, атеросклероздон айыктырат.
3. Алабатада каротин абдан көп. А витамини, жаш балдардын өсүүсүнө, чоң кишилердин карыбашына, көз ооруларына (катаракта, глаукома) жакшы. Алабатанын эң пайдалуу жагы ушул дешет окумуштуулар.
4. Кээ бир жаш кыздар, аялдар айыз (менструация) келгенде ооруксунуп, кыйналып калышат. Алабата бул ооруну кадимкидей басат. Кан аз келгенде да жакшы.
5. Алабата нерв системасын калыбына келтирет. Нервный болуп калганда, уктай албай калганда адамды жоошутат, тынчтандырат, жакшы уктатат. Ыйлаак балдарга да жакшы.
6. Алабата муундарга суук тийип, сезгенип калганда жардам бере алат.
7. Алабата ичти жумшартып, запорду кетирип,токсиндерден тазалап, адамды тез арыктатат.
8. Алабата суук тийгенде, жөтөлгө, бронхитке, өпкө ооруларына, анын ичинде өпкө туберкулезуна дагы жакшы!!!
9. Баш ооруганда, өзгөчө шакый оорусуна карата ичсе болот ж.б.
Албетте, бул чөптүн каршы жактары бар. Ал өттө жана бөйрөктө ташы барларга, аллергиясы, боюнда барларга, бала эмизгендерге, ашказанда гастрит, жарат барларга, кандын уюшу төмөндөргө, суукчандарга, гипотониктерге болбойт. Ала батанын жалбырактарын жана уруктарын тамакка кошуп жесе болот. Кургатып, демдеп ичсе да болот. Эки аш кашык кургак чөптү жарым литрлик термоско же ак чайнекке, банкага салып, ысык суу куюп демдеп алып, күнүнө үч маал 100 мл кылып, ач карын, тамак алдында жана жатар алдында эки жума же он күн ичишет. Ошентип, сизди айыктыруучу дары – үйүнүздүн жанында эле өсөт. Кудайдын биз үчүн бул камкордугун ыраазычылык менен кабыл алалы. Ала бата – бизге ак бата чөп.#пайдалуу
Канышай Жоодатова (Кыргызфлоранын фитотехнологу).
Окуп жана бөлүшүңүз, мүмкүн кимдир бирөөгө кереги тиет..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев