Предыдущая публикация
Ажал келсе айтып келбейт турбайбы,
Өлүм сенин ким экениң ылгайбы.
Күнүң бүтүп ичээр сууң түгөнсө,
Чымын жаның чыркыратып суурбайбы...
Анык чындык жалгыз башта бир өлүм,
Токтойт бир күн сокпой калат жүрөгүм.
Жаздык кылып топуракты жазданып,
Кабыр болот түнөй турган түнөгүм...
Кандай болот кыяматта сурагым,
Ойлоп дайым ошол күндү турамын.
Сурак күнү нурлуу кыл деп жүзүмдү,
Жаратканга ыйлап дуба кыламын...
✏Текстти түзгөн - Жеңишбек Жумакадыр.
Жүктөгөн - Нуркан Мырза.
🌿ЫЙМАН НУРУ медиа порталы. www.iymannuru.kg
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев