2017-жылдын 16-январь күнү Дача-Суга кулап түшкөн “Боинг-747” самолетундагы жүктүн ээси ким экендигин аныктаган докмуенттер“Ата-Мекен” фракциясынын камакка алынган лидери Өмүрбек Текебаевтин колуна тийгендиги маалым болду. Бул боюнча маалыматты бүгүн “Акипресс” агенттигинде Таалайгүл Токтакунова жар салды. Анын айтымында Текебаев Вена шаарындагы иш сапарынан келээри менен ушул маселеге байланыштуу камакка алынган. УКМКнын кызматкерлери жүк ээсин ачыктаган документтер Текебаевдин колунда деп ойлошкон деп кошумчалады юрист Токтакунова.
“Текебаев бул өзгөчө документтерди Түркиянын Коопсуздук кызматыннан алган болчу. Анда, Түркиялык жүк ташуучу самолеттун Бишкектеги авиакырсыктан кыйраганы боюнча жүргүзүлгөн иликтөөлөрдүн жыйынтыгы бар эле. Самолеттогу жүктөр: Мобилдик телефон аппараттары, компьютерлер, акча каражаттары, кымбат баалуу асыл таштар Кыргызстан президентинин үй-бүлөсүнө тиешелүү экендиги ачыкталган. Жүктү самолетко жүктөө иштерин Кылмыш дүйнөсүнүн (ОПГ) өкүлү “Гремучая змея” каймана аты бар Түркиялык жаран уюштурган”-деди Токтакунова.
Өмүрбек Текебаевдин шашылыш камакка алынышынын себеби сырдуу жүктүн документтерин алып келе жаткандыгы экени белгилүү болду.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 620