кичинекей балдары короодо
уктоочу кийимдери менен ойноп,
топуракка буланып, таштандыда
жаткан каробкаларды чогултуп
ойноп жатыптыр. Үйгө кирген
эшик аңырайган бойдон ачылып,
босогодо мындан да бешбетер
башаламан чачылып, чырактын
жарыгы өчүп, дубалда илинип
турган килемдин бир жагы
үзүлүп, кыйшайганча асылып
турат. Конок күтчү үйдө
сыналгынын үнү болушунча
катуу чыгып, жерде чачылган
оюнчуктар менен кийимдерден
бут койчу жер жок. Ашканадагы
столдо жууксуз идиштер толуп,
дастаркондун үстүндөгү тамак-
аштар ошол бойдон калып,
муздаткычтын эшиги жарым-
жартылай ачылып, капта турган
ун жерге төгүлүп, столдун
астында сынган идиштер жатат.
Күйөөсү аялын ооруп же бир
кырсык болуп калдыбы деген
коркунуч менен экинчи кабатка
чачылган оюнчуктарды аттап,
издөөгө ашыгып чыгып баратып,
жуунчу бөлмөнүн эшигинин
астынан агып жаткан сууну
көрөт. Шашып барып караса,
жуунчу бөлмөнүн ичи ирээтсиз
болуп, жүз аарчуу сүлгү,
самын, майда-бараттын баары
жердеги сууда калкып,
даараткана кагазы чубалып,
дубал менен күзгүгө тиш
жууган паста шыбалып
туруптур. Ал уктоочу бөлмөгө
ашыга кирип, аялынын төшөккө
оронуп, китеп окуп жатканын
көрөт. Аялы күйөөсүн бир карап,
бүгүнкү иш күнү кандай
өткөнүн сурап, жылмайып алат.
Күйөөсү таң калган түр менен
эмне болгонун сурайт? Аялы
дагы жылмайып:- Сен ар күнү
жумуштан келип, кечке үйдө
иштебей бекер отурасың деп
таңуулап, менин бүгүн эмне иш
кылганымды сурайсың го?- Ооба
сурайм. Анда аялы:- Демек,
бүгүн мен эч нерсе кылган
жокмун дейт. ))
📚ʺ САБАК АЛУУЧУ ТААСИРДУУ КЫССАЛАР ЖАНА ОКУЯЛАР ʺ китебинен
Булак: ok.ru/okuya ➖➖➖➖➖➖➖➖
✨ ОКУЯЛАР ж/а БАЯНДАР
группага катталыныз
🔶 одноклассники: http://ok.ru/okuya 🔶 Инстаграм: okuyalar
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев