Предыдущая публикация
Жараткандан, турам,апама өмүр сурап,
Жаным апам,жүрөгүмдө тунук булак.
Оргуштап,атып чыксаң атырылып,
Чыныга куйуп алам, колум улап.
Апаке алыстамын, жете албаймын,
Колум сунуп, колуңа бере албаймын.
Таалайыма жазылган, адамдарды,
Жүрөгүмө жакын деп кабылдадым.
Жашоомдун, жарымы өтөт,ойноп күлүп,
Жүрөгүм, бирок согот сен деп жүрүп.
Жашырып жүрөгүмдүн, түпкүрүнө,
Жылмайган элесиңди,катып жүрөм.
Алаксытат, балдарымдын балалыгы,
Арадан күн- түн өтүп, көңүлдүн каралыгы.
А балким, ушундайдыр жашоо көзү,
Ападан, кызын бөлгөн турмуш өзү.
Автор:Темирбаева Д.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3