Предыдущая публикация
Жүрөк сүйөт,тагдыр сүйүп тандабайт,
Тагдыр тандаганды,жүрөк сүйүп каалабайт.
Жашоонун, баарына кайыл болуп,
Жаштыгы, жабыркап турганын аңдабайт.
Аттиң ай, адашкан болбосо турмуштан,
Болбосун,тагдыры тайкыга жолуккан.
Жары табылсын,аяр карап сыйлаган,
Жүрөк сүйүп, каалап өзү табышкан.
Сулуу сулуу эмес,сүйгөн сулуу дешкен,
Сулууну, бүт баары тандап келишкен.
Сулуулук баалаган, утулат өмүрдөн,
Жүрөгү тазаны, каалаган утушат сулуудан.
Жүрөктөр, жүрөкө туш келип сүйүшсө,
Жашоонун,жыргалын, сыйларын көрүшсө.
Ажары күлүп, акылын түйүп өткөрсө,
Адамдан бактылуу, болбосо өмүрдө.
Автор:Темирбаева Д.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11