Кооз, кулпурган чачка ээ болуу - ар бир айымдын кыялы. Андай чачка жетүү үчүн эмнелерди гана колдонбойбуз – кымбат шампундарды, маскаларды, салондордогу ар кандай кызматтарды. Бирок ар бир адамга жеткиликтүү болгон бир каражат бар. Ал – зайтун майы. Зайтун майы өзүнүн курамындагы көптөгөн витаминдердин таасиринен чачты болуп көрбөгөндөй кооздукка бөлөйт.
Чачты жалтыратуу үчүн
Бир аз зайтун майын өтө жай отко коюп жылытасыз. Андан кийин аны чачтын түбүнөн баштап учуна чейин сүртөсүз. 2-3 сааттан кийин жылуу суу менен жууп салышыңыз керек. Мындай маска чачка кубат жана табигый жалтырак түс берет.
Чачты өстүрүү үчүн
Чачыңыздын батыраак өсүп, коюу болушун кааласаңыз, 2 чоң кашык зайтун майына 1 чоң кашык лимон ширесин кошуп аралаштырып, бир аз жылытып туруп чачыңызга сүртүңүз. Май толук бойдон териге жана чачка сиңүүгө тийиш. Ал үчүн сизге бир сааттай убакыт керек. Аягында шампунь менен жууп саласыз.
Чач түшпөөсү үчүн
Бир пиязды кыргычтын майда тишинен өткөрүп, марлянын жардамы менен анын ширесин сыгып аласыз. Ага бир чай кашык зайтун майын, суюк бал жана майонез кошуп аралаштырасыз. Бул аралашманы чачыңызга сүртүп, бир саат кармайсыз.
Чачтын түшүүсүнө каршы дагы бир маска – зайтун майы, кургак горчица, жумуртканын сарысы жана балдын аралашмасы. Натыйжалуулугун арттыруу үчүн аралашманы жылытып туруп колдонгонуңуз оң.
Чачты бекемдөө үчүн
Бир чоң кашык зайтун майы менен балды аралаштырып, ага бир жумуртканын сарысын жана бир чай кашык коньяк же арак кошуп аралаштырасыз. Аралашманы чачыңыздын түбүнөн баштап учуна чейин сүртөсүз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2