Бул чыгарманы 5 мунот убактыңызды аябай аягына чейин окуп чыгышыңыздарды суранып калам.
Мен сиздерге жазып жаткан окуя бир жигиттин атынан.
(Учурда бул жигит карыялар уйундо)
Менин апамдын чырайынан кыскан экен кудайым.
Сулуу болбогону себебтен үйгө куда түшүп келгендер апамды көрүп кайра кайтып келишбеген экен,ушинтип жүрүп жашы 27 ге барганда аялы төрөбөй ажырашкан бир кишиге турмушка чыккан,ал киши менен 5-жыл жашайт бул жылдардын ичинде эжем экөөбүз жарык дүйнөгө келдик.
Апамдын куниктигинен(сулуу эместигинен)атамда бизди таштап кетти,апамды айылдагылар жада калса жаш балдарда шылдыңдашып күлүшчү ажына келип жатат,түрү суук келатат деп жаш балдарын коркутушчу.
Жылдар отуп бизда чоңойдук көчөгө чыкса,мектепке барсакта баары бизге күн беришбейт эле апамды мазак кылышат болчу бул нерселер бизге жакбады көбүнчө мага.Барып-барып өз апамдан намытанып жиркене баштадым.
Апам ушунча сөздөрүн уксада озун дүлөйлүкө салып укбагандай болуп койчу.Эркектер кылган иштин баарын кылчу,дыйканчылык менен алек болду жеп,ичкенибиз,кийинишибиз баары апамдын күчү менен болчу.Апамдын эмгегин көрүп колхоз башчысы ишчилерине апамды бригадир кылып шайлады.
Апамдын тапкан тутканы көбөйдү эжемди мед колледжге мени болсо политехнический колледжге киргизди.Окууда биз акчадан кыйналбадык бирок мен апамдан намыстанып,курсташтарыма апам жок деп айттым.Эжемеда көп жерден куда түшүп келди бирок апам себеп кетип кайра келишбейт болчу.
Бир туркмон жигит эжемди сүйүп калып эжем ошого турмушка чыкты бирок апамды артынан барууга уруксат бербеди себеби эжемда апамдан намыстанат болчу.Апам макул бактылуу болсоң болду кызым деп көздөрү ачуу жашка толуп калаберген.
Эми убакыт менин үйлөнүшүмө жетип келди бирда адам кызын бербейт эле жин чалынган түрү сууктарга кыз бербейбиз дешчүү.Узак бир шаардан апамдын сиңдилерди келин табышты,мен да үйлөндүм акыры.
Үйгө келген келинда апамды көрсө жүзүн бурат ар күнү уруш апаңызды көрсөм ден-соолугум начарлап өзүмдү жоготом дейт.Өзүмда апамды көрбөсөм дейм,бир дасторкондо отурбасак кана дедим.Бир күн иштен келдим аялым жүрсөңүз сизде кенеше турган иш бар деп калды,эски үйдүн четиндеги бөлмөгө апамды киргизип койушту айтты бул сөз магада жакты.Эртеси күндөн баштап апамды ошол бөлмөгө камадык тамакты алып барып беребиз,дааратканга баруусуна уруксат бердик.Ошондо да башындагы жоолугун ушундай оройт элек жүзү көрүнбөйт болчу.
Мен күндө бир убак иштен келгенимде алдына кирет элем анда да суук мамиле кылат болчум.Апам болсо балам карангы түшкөндө эшике чыгып таза абада дем алайынчы десе да чыгышына макул болчу эмесмин.
Күндөн күнгө жүздөрү бозоруп арыктап барат мен болсо өлүшүн күтөт элем,себеби туугандарга апамды эжемдин үйүнө Туркияга кеткен деп айтканмын ушул убактарда апамдын көзү ооруп калды балам врачтарга алып бар мени деди мен болсо эмне сизди жин урдубу деп кагып силкип ачуу суйлоп бердим.
Акыркы убактары аялым апама мен иштен келгиче тамак бербешин сезчүү болдум бирок билмексен болуп койчумун,мен иштен кирип келишиме апама тамак алып кирип калат.Барып-барып апам алсызданып жатып төшөкө мыкталды көздөрү да көрбөй калды,арадан бир ай убакыт өттү иштен келип апамдан кабар алайын деп култанып турган эшикти ачып кирдим салам берсем апам жооп бербеди жакын барып карасам апакем көздөрүн ачкан абалда жан бериптир.
Денеси муздап катып калыптыр балким кече түндөсү жаны үзүлгөндүр?Мен боору таш ушунда да жүрөгүм чымырап койбоду тескерисинче жеңил дем алдым.Адамдардын шылдыңынан кутулдум деп кубандым эл катары аларды жайга бердим.Арадан бир жыл өттү үйдү оңдоо үчүн уста салдым өзүмда аларга жардам берип кармашчуумун.
Кырсык каш кабак ортосунда деген туура экен мармар ташты аралап жатканымда майда бөлүгү учуп көзүмө кирип кетти,усталар көзүмдү ачып тазалап алдык дешти.Эртеси күнү уйкудан ойгонсом көзүмө кан куюп койгондой кызарып кетиптир,катуу оору берип кыйнады көздүн врачына барсам текшерип ууланган өтүп кетет деп дары жазып берди.
Дарыны алып көзүмө тамчылаттым эч жакшы болбоду тескерисинче күчөм кетти.Күндөн күнгө көзүм жакшы көрбөй бозоруп көрүп баштады бозоргону күчөп баратты,таң атып калганда ойгонуп кеттим баары кап караңгы көрүнгөндө ойумда таң ата элек экен деп дагы жаттым.
Бир аз убакыт өтүп аялым кирип ишке барасызбы?саат 7 ден өттү деди кандайча дагын деле баары кап караңгыго дедим да жүрөгүм согушу тездешти ошондо көзүм көрбөй калганын билип бар үнүм менен бакырдым.Аялым кошунабыздын машинасында шаардагы көз врачына алып барды текшерди натыйжасында ушул билди кирген таштын бөлүгү көздүн пардасына зыян жеткен экен,алдын албаганым үчүн көр болуп калды көзүм.
Барып-барып аялым өзгөрдү мага кыянат кылып баштады мени уктап калды деп кошунабыз менен ойнош ойноп жүрдү акыры чыдабай башка менен жатып жүргөнүн баарын билишим айтканымда,качандыр бир убактары апамды камаган бөлмөгө мени жетелеп барып камап койду.
Кайтар дүйнө деп ушуну айтат экен,жалгыз бөлмөдө үч күн жатканымда апамды канчалык кордогонумду түшүнүп жеттим.Аттин арман кеч болгонун билип ый менен таң аттырдым.Аялым ойношу менен үйдү сатып шаардан үй алышты мени болсо карыялар үйүнө тапшырышты.
Адам жашоого бир келет Аллахым адамга баарын кайра бериши мүмкүн бирок ата-энени бир жолу гана берет.Аялың же күйөөң башканы эрчип кетет бирок ата-энең сени таштап башканы эрчип кетбешин бил.Сен сүйгөн адамың сени кыйнап таштап башканы карап кетет бирок ата-энең сени таштап кетбейт.Сен оорусан сүйүктүүн жүзүн бураар бирок ата-эне гана башыңдан жылбай оорусанда түйшүгүндү өлгүчө көтөрөт.Сүйүктүүңө жаман кылыгыңдын бирин көрсөткүн жашоон өзгөрөт бир ата-энең жакшыңа да, жаманыңа да чыдашын эч унутба тууганым.
Дос,аял,эр,байлык баары табылат бир гана ата-эне табылбайт жашоодо ата-энен тирүүбү жаңы төрөлгөн балаңдай абайлап карап сүйүп жүр....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1