Эненин бир түйшүгүн сезмек белең?
Балам деп жатын бурап толгонбосоң,
Өзүнүн каалоосуна коюп ченем,
Санаада уктап чочуп ойгонбосоң.
Өмүрдүн сыйкыр күчү тартса терең,
Миң түркүн азаптарга чалынганын.
Биз үчүн оозу дудук, кулак керең,
Тагдырдын мыйзамына багынганын.
Көрбөсө ак жүзүңдүн жайнаганың,
Дүйнөсү түмөн болуп
бүлүнгөнүн.
Жашырып көөдөнүнүн кайнаганын,
Көңүлдүн гүлү бирден күбүлгөнүн.
Аябай тамырдагы аккан канын,
Сарыгып кош кареги карыкканын.
Күлкүңө садага чаап кара жанын,
Жашырып карааныңа зарыкканын.
Бир гана бизге арнап өмүр шамын,
Өр таяп, бел ийилип бүгүлгөнүн.
Үшкүрүк көмөкөйдөн бүркүп жалын,
Жаштыктын үзүмүнөн түңүлгөнүн.
Байкатпай дарттуу кесел тооруганын,
Аялап бардыгынан жашырганын.
Сездирбес үчүн күлүп ооруганын,
Узун түн жаздык суулап жашыганын.
Күн эмес тээ айчылык жолдо болсоң,
Жебестен таттууларын сактаганын.
"Апалап" ал абалын сурап койсоң,
Анда эле аппак сүтүн актаганың.
Зоңкоюп калсаң деле энекеңе,
Кайрадан келип турат эркелигиң.
Өмүрдүн ташкынында жалгыз кеме,
Агызып кеткен небак эңсегенин.
Эненин бир түйшүгүн сезмек белең?
Жатының дал ошондой бурабаса.
Бооруңдун тең жарымын бөлүп берип,
Бала үчүн көздөн жашың кулабаса!
Эненин түйшөлүүсүн сезмек белең!
Маматова Кундузбү
Куку
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев