Предыдущая публикация
Эмне кылба баары сени сындашат,
Дос душманың тамашалап чындашат.
Көңүл бөлбө өздүк ишиң туурабы,
Кулак салсаң күнөөсү жок кыйнашат.
Эл эмне дейт, элге карап турбагын,
Жакшы айтса ,жерге аны урбагын.
Көралбастар чыгып турат арадан,
Сен аларга көңүлүңдү бурбагын.
Эң биринчи туура жолду тандасаң,
Жүрөгү ак, жакшыларды жандасаң.
Элге сенин пайдаң тийсин унутба,
Сын пикирден сенда арттан калбасаң.
Тандоо сенен каалагандай жашагын,
Турмуш жолуң тартбагын эч азабың.
Жаңылышып жооругуңду көрсөтүп,
Эл эмне дейт, мазагына калбагын.
Автору.Азирет Нурбекович.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев