Канча китеп окуш керек?
Кезинде кинорежиссёр Михаил Роммдон жаш студент сурайт: “Билимдүү болуш үчүн, сабаттуу болуш үчүн канча китеп окуп чыгыш керек деп ойлойсуз?” - деп. Десе: “Өмүр бою жадатпай кайра-кайра окугуңду келтире бере турган, эң жакшы алты-жети китеп жетет” деген экен ал. Ооба, ошондой китептер болот, ошондой адамдар болот, ошондой кыска-нуска эреже жолдор болот, мезгилди албаган, коротуп өмүрдү албаган, ар жолго адаштырбаган, сени, өзүңдү, өмүрүңдү үнөмдөгөн. Бирок биз аны оңой менен таппайт экенбиз, жолукпайт экенбиз: эки сааттын ичинде эле өмүрүңө оң бурулуш берчү адамдарды, маанилүү жолугушууларды, жолдорду… Ал - маңдайына жазган жылдызың сыяктуу.
#жеңишбекэдигеев
#көкдептер
#ошаэропорт
#китепокуйбуз
#кыргызчакитеп
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев