Предыдущая публикация
Тагдырды жасап алаар аргам барбы
Соолуктап ыйлап барсам мен алдына
Сүйүүдөн сооротууга жардам барбы
Сезбедиң билбей калдың сүйөөрүмдү
Сындырды сүйүү мени жүрөгүмдү
Салындың апакай ак жоолукту
Сени эми акыреттен күтөмүнбү
Сезимимдин сересинен жалт көрүнүп
Санаага салып кеттиң бүт өмүрдү
Сагыныч кучагында кармап алды
Санаа ой жүрөгүмдү жандап алды
Саат сайын көрүп келген саамайыңды
Саат эмес бир көрүүгө айла барбы
Эстедим таңкы нурдай күлүшүңдү
Эрке мүнөз эркелеп жүрүшүңдү
Энчилеп эгиз кыл деп мага сунган
Эгемдин мага сунган гүлүсүңбү
Азыр сен адашып кеткен менен
Актаарсың акыретте үмүтүмдү
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 8