Билбейм! Билбейм, эмнеге андайсыңар,
Бир нерсени эч эске албайсыңар:
Ансыз деле бүгүн бар, эртең жокпуз,
Билип туруп бир-бириң каргайсыңар!
Өйдө-ылдый деп, бир-бириң иргейсиңер,
Кем дүйнөнүн кеңдигин билбейсиңер!
Ажалга да бип-бирдей пенделербиз,
Түркүк болчу дүйнөгө ким дейсиңер!
Көңүл гүлүн эмнеге соолутабыз,
Көкүрөктү көйгөйгө оорутабыз.
Жандүйнөнү жанчтырып жаман-жуман,
жарыбаган ойлорго тоорутабыз!
Көрө албастык, жек көрүү, араздашуу,
Кыянаттык, кызганыч, каракташуу,
Таарынычты талкалап таштайлыбы,
Адат болсун жаркылдап кабакты ачуу....
Макулсуңбу, кана анда күлүп койчу,
Маңдайыңда булутту сүрүп койчу.
Ошол миңдин бири дейт дарылыкка,
Өзүңдөн да башканы сүйүп койчу?..
Билбейм! Билбейм, эмнеге андайсыңар,
Бир нерсени эч эске албайсыңар:
Ансыз деле бүгүн бар, эртең жокпуз,
Билип туруп бир-бириң каргайсыңар!
"Бир үзүм от"
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 145
Бир созду талашпастан жон калбайбыз.
Бирибизди кубаттасак экинчибиз
Учунчубуз айып издеп тээ сындайбыз.