Өз баласын артык көрүп баарынан.
Баласынын миң түйшүгүн көтөрүп,
Эне кымбат, эне ыйык баарынан”,-демекчи, эне – дүйнөдө теңдеши жок, асыл зат.
“Бейиш энелердин таманы астында” деп да бекеринен айтылбаса керек. Биздин ийгилигибизге чогуу кубанып, ар дайым “кызым” деп бизди ойлоп жүргөн энекелерибиздин ак сүтүн актоо эң чоң милдет эмеспи...
Башканы эстебесек да, күн сайын апакебизди сөзсүз эстейбиз. “Апакем кандай жүрөт экен? Ден-соолугу жакшы бекен?” деген суроону ар бир адам күн сайын ойлонсо керек. Дүйнөдө канчалаган майрам, атайын белгиленчү күндөр бар. Ар бир күнү апабыз жүрөгүбүздө болгон үчүн бардык күн апакелердин күнү деп ойлойм. Ошентсе да апаларга арналган атайын күн да жок эмес.
Апамды көрбөгөнүмө 4 жыл болуп калды. Телефондон, ватсаптан канча сүйлөшсөм да моокумум канбайт. Баары бир эне кучагында эркелөө, бетинен өөп, жылуу колдорун кармап, чогуу тамактанып, баарлашуу башка нерсе... Албетте, бул ирмемдердин кадырын энекебиздин жанында жүргөндө анча биле бербейбиз. Алыста жүрүп, апабыз жапкан нанды сагынганда, апакебиздин жанында эркелеп жүргөн жылуу көз ирмемдер көз алдыбыздан өтүп, адамды кусалантат...
Жылдар билинбей өтө берет экен. Апам менен сүйлөшкөндө, апамдын да жашы өтүп баратканын көрүп, жүрөгүм ооруйт. Апакелер ар дайым жапжаш жүрө берсе кана... 1 күн чалбай койсоң, “Кызым барсыңбы? Эмне мени сагынбадыңбы? Чалбай койдуң го?”,-деп айтса, эми мурдагыдай апакеме эркелей турган жаш бала эмесмин деп ойгоно түшөсүн. Небереси жол караса, “ушул алыстагы балам келет окшойт” деп жоруганын угуп, апакеңдин канчалык сени сагынганын сезесин...
Апалар оорубасын, аман болсун! Кудайым энекелерибиздин өмүрүн берсин! Бардык апаларды “Апалар күнү” менен куттуктайм!
Мамооу майрамыныз менен сизди жакшы кором❤😍 Сиз бар менин дуйном жарык,эн бактылуу адаммын❤❤❤
15.05.2022. ⏰ 16:15
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2