"Ким жыттанып?!..."
Мейли...жашоо, жууруп мени калчасын,
Тагдыр коштоп...кордоп, кээде алкасын.
Ошондо мен...тилээр элем... көөдөндөн,
Байкуш сезим...сызга отуруп калбашын...
Билесиңби...бизге болгон ошол күн,
Нике кайып...сезимдерге, бул - өкүм.
Жылдар күбө...нелер коштоп келди экен,
Не жашырдык...оорусу - бул жүрөктүн...
Мейли...сага баары бир болсун бар-жогум,
Нени кийип, нени жедим...ач-тогум.
...болбогондой, эч бир шойком жылмайып,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн түн оокум?!...
Мейли мени...билбейт дегин, ичтен күл,
Каалагандай...шапар тээп, өткөр күн.
Эчак эле...сенсиз - муздак... койнума,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн, жарым түн?!...
Билем, азыр...наздануум жок кечээги,
Ал сезимдер...балдарга өткөн береги.
Коломтоңо...бирге жаккан суу сээп,
Ким жыттанып... келдиң бүгүн, бейчеки?!...
Бактым дегем...балким, койдум ашыга,
Ишендим мен...кыял-чабыт, чачыла.
Өзүң сүйүп...бапестеген гүлзар жок,
Ким жыттанып... келдиң жүзүң жашыра?!...
Менде жоктур...ойсокелик, эркелик,
Ал мүнөздү...эми алмашкан ЭНЕЛИК.
Утурумдук...чалкып, сүйүү балына,
Ким жыттансаң...болсун, мейли...ал-СЕНДИК...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев