Предыдущая публикация
Жашоодо жакшы ат менен
Балдарыңды жетелеп топуратып
Атакеңдин жанында жүргөн жакшы
Узатып атакемди келбес жайга
Уул кыздарың жетим болду
Сагынып атам менен жүргөн кезди
Өксүп өксүп ыйлаар мага адат болду
Өсүп өнгөн үйүмө эми барсам
Атамдын өзү эмес орду калган
Өпчү элем сакалыңдан жыттап жыттап
Өзөгүмдү өрттөп кетет аттиң арман
Чоң очоктун ырыскысы өзүң белең
Берекеси кеткен экен өзүң менен
Баарыбыздын башыбызды бириктирген
Бактылуулук жылуулук сизде экен
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев