- - -
... Жүздү басып... койдум мына... тымызын,
... Эшик таппай ... кыйын болду ...чыгышым ,
... Жем түшкөн го?...бутум баспай,чалыштайт,
...Там-таң баскан... кадим бала... жылышым,
... Баш айланат ...тура албайм... эмгектей,
... Ахбал оор го?... көзүм тунук... турушум,
... Тагдырыма капа болуп турамын ,
... Жер көчкү го?...тартат дүнүйө... курусун,
... Кетет элем азыр эле аттанып ...
... А, дүнүйөдө... эгер болсо... жумушум.
- - -
..."Эх, таанышым... токтой турчу... шашылбай,
... Жүз грамм соң...кантип коём ачылбай?
... Башы, ылдый денем барат...тамылжып,
... Бул турушту... калуу керек... качырбай,
... Эгер азыр тарап кетсек... жүздөшпөй,
... Казан жалда... калып кетээр... асылбай."
- - -
... Айдан соң... жылдар жылмышып,
... Талды бир кармайм... тырмышып,
... Жаның бир таттуу окшойбу...
... Куурдактай... даамы... кырмычык.
- - -
... Укурук... моюн ыргытып,
... Аш кылбай... жүздү ...кулгутуп ,
... "Жараткан:"Бир маал суран" - дейт ,
... Уктатпай...түнү ... тургузуп.
- - -
... Көзүмдүн курчу тайыды,
... Оогондур мүмкүн, шайыдыр,
... Жээгинен алыс кетти го?
... Жаштык кез түшкөн кайыгым.
... "Бир азга турса"- деп... коём,
... Эмнеде сенин айыбың?
- - -
Р. Субанов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев