- - -
... Биздин каалоо...күндүн нуру... ачык жол,
... Биз каалайбыз...үй бүлөгө бакыт жол,
... Турмуш жолу, тоскоолу жок... кең болсун,
... Бир суктанаар... кыргыз элим...татык жол.
- - -
... Мына эми... кол кармашып бастыңар,
... Бакыт жолун... биргелешип ачтыңар,
... Биздин каалоо... дайым болсун... ынтымак,
... Арка бала... малга толсун... астыңар.
- - -
... Биздин каалоо... асман ачык, жакшылык,
... Толсун ырыс... билбегиле азчылык,
... Көчөт тиксең ... бүчүр дайым байласын,
... Өссүн бутак... жаздагысын...бак кылып.
- - -
... Өмүр кылым...аруу тилек... каалайлы,
... Жолуң болсун...жарык чача...маанайлуу,
... Кол кармаша, тагдыр дайым...жүргүлө,
... Бакыт берсин ... ырыскысын...таалайлуу.
- - -
... Каалоо - тилек, кабыл болсун... ар дайым,
... Ушул айтым :"Силерге" - деп, арнайын,
... Тагдыр жолдо эч адашпай... алгалап,
... Тээ чокуга... ак жол сала... бар дайым.
- - -
Р. Субанов.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3
Жакшы жазыпсыз.