Кыргыз Республикасынын жарандарынын жашоо сапатын жакшыртуу жана социалдык бакубаттуулугун камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-ж. 24-июндагы № 329 токтомуна ылайык пенсиялык топтоолорду төлөө механизмдерине өзгөртүүлөр киргизилди.
Жаңы мүмкүнчүлүктөр топтомо пенсияларды колдонуунун болгон варианттарын кеңейтүү.
💡 Кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр кошулду?
1. Ипотекалык кредиттер:
💰 Пенсиялык топтомо каражаттарды Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (МКК, МФК) лицензиясы бар финансы-кредиттик уюмдар, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарынын мэриялары аркылуу баштапкы төлөмдү каржылоого же колдонуудагы ипотеканы жабууга жумшаса болот.
2. Үлүштүк курулуш:
🏗 ️ Эми пенсиялык топтоолорду Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары тарабынан “МИК” ААК аркылуу берилген үлүштүк курулушка катышуу үчүн колдонсо болот.
🔑 Банктык кепилдик берген курулушчулардан турак жайды сатып алууда баштапкы жана кошумча төгүмдөрдү төлөө үчүн пенсиялык топтоолорду колдонуу мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилди.
3. Оор ооруларды дарылоо:
🏥 Дарылоо үчүн пенсиялык топтоолорду колдонууга мүмкүн болгон оор оорулардын тизмеси кеңейтилди, мисалы, боордун өнөкөт жетишсиздиги, боордун циррозу (гепатит В жана С – 4-5 стадиялар, органдарды трансплантациялоону талап кылган жана органдарды трансплантациялоо) жана бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен ооругандар үчүн гемодиализ кызматтарын алуу.
Учурдагы мүмкүнчүлүктөрдү эске салабыз:
1. Пенсия курагына жеткен жарандарга төлөп берүү:
👵👴 Пенсионерлер пенсия курагына жеткенде топтолгон акча каражаттарын ала алышат.
2. Чет өлкөдө туруктуу жашоо үчүн өлкөнүн чегинен тышка чыкканда:
✈️ Кыргызстандан тышкары туруктуу жашоого кеткен жарандар пенсиялык топтомолорун ала алышат.
3. Мураскорлор:
👨 👩 👧 👦 Жаран каза болгон болсо, ал тирүүсүндө камсыздандырылса, жеке камсыздандыруу эсебиндеги топтолгон каражатты маркумдун мураскорлору алууга укуктуу.
4. Аскер кызматкерлерине төлөө:
🎖 ️ Аскер кызматкерлеринин жаш курагы жалпы белгиленген 63 жашка жетип, МПТФнын эсебинде каражаты болгон учурда топтомо пенсиялык фонддон каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Аскер кызматчылары Соцфондго камсыздандыруу төгүмдөрүн аскердик кызмат өтөө мезгилинде чегербей тургандыгын белгилей кетүү маанилүү. Бул мүмкүнчүлүк аскердик кызматка чейин же андан кийин жарандык чөйрөдө иштеген жана Соцфондго тиешелүү төгүмдөрдү төлөгөн жарандарга карата колдонулат.
5. Ипотекалык насыялоо:
🏡 Ипотекалык насыя алган же алып жаткан жана «МИК» ААК тарабынан каржыланган мамлекеттик турак жай программасынын алкагында кийин сатып алуу менен турак жайды ижаралоо келишими боюнча каражаттарды төлөгөн жарандар, ошондой эле алардын жубайлары, алардын өз үйү бар болсо дагы пенсиялык топтоо каражаттарын баштапкы төгүмдү каржылоо жана ипотекалык насыясын төлөө үчүн колдоно алышат.
6. Жумушсуздук:
🛑 Расмий түрдө жумушсуз деп таанылган адамдар эмгекке жарамдуу курактагы калктын жашоо минимумунун өлчөмүн эске алып пенсиялык топтоо каражаттарын ала алышат.
7. Оор ооруларды дарылоо:
👩 ⚕️ Каражатты оор ооруларды дарылоону каржылоого жумшалса болот.
Биз ар кандай шартта жана кырдаалдарда жарандарга колдоо көрсөтүү менен пенсиялык топтоо каражаттарын ар тараптуу пайдаланууга умтулабыз!
---
🔔 Новые возможности использования пенсионных накоплений!
В целях улучшения качества жизни и обеспечения социального благополучия граждан Кыргызской Республики, внесены изменения в механизмы выплаты пенсионных накоплений согласно постановлению Кабинета Министров КР от 24 июня 2024 года № 329. Новые возможности расширяют существующие варианты использования накопительных пенсий.
💡 Какие новые возможности добавлены?
1. Ипотечные кредиты:
💰 Пенсионные накопления можно использовать для финансирования первоначального взноса или погашения действующей ипотеки, выданной через финансово-кредитные организации, лицензируемые Национальным банком Кыргызской Республики (МКК, МФК), а также через мэрии городов Бишкек и Ош.
2. Долевое строительство:
🏗️ Теперь пенсионные накопления можно использовать для участия в долевом строительстве, выданных через ОАО «ГИК», мэриями городов Бишкек и Ош.
🔑 Расширены возможности использования средств пенсионных накоплений на погашение первоначального и дополнительного взносов при покупке жилья у застройщиков, предоставивших банковскую гарантию.
3. Лечение тяжелых заболеваний:
🏥 Расширен список тяжелых заболеваний, для лечения которых можно использовать пенсионные накопления, такие как хроническая печеночная недостаточность, цирроз печени (гепатит В и С - 4-5 стадии, нуждающиеся в трансплантации органов и получающие трансплантацию органов) и получающие услуги гемодиализа для больных с хронической почечной недостаточностью пятой стадии.
Напоминаем вам о существующих возможностях:
1. Выплаты пенсионерам:
👵👴 Пенсионеры могут получать накопленные средства при достижении пенсионного возраста.
2. Выезд за границу:
✈️ Граждане, выезжающие на постоянное место жительства за пределы Кыргызстана, могут получить свои пенсионные накопления.
3. Наследники:
👨👩👧👦 Наследники умершего застрахованного лица имеют право на получение накопленных средств.
4. Военнослужащие:
🎖️ Военнослужащие могут получить накопленные средства при достижении возраста 63 лет, если они ранее или после военной службы вносили взносы в Соцфонд.
5. Ипотечное кредитование:
🏡 Средства можно использовать для погашения ипотечного кредита и первоначального взноса, даже если у вас уже есть собственное жилье.
6. Безработица:
🛑 Официально признанные безработные могут получать средства пенсионных накоплений.
7. Лечение тяжелых заболеваний:
👩⚕ Средства можно использовать для финансирования лечения тяжелых заболеваний.
Поделитесь этой информацией с близкими и друзьями, чтобы они знали о новых возможностях!
#ТоптомоПенсия #ЖашоонунСапаты #СоциалдыкКолдоо #КыргызстандынПенсиялары #ФинансыКолдоо #ПенсиялыкФонддордунМүмкүнчүлүктөрү #ПенсиясыБарИпотека #Жумушсуздук #Соцфонд #ПенсиялыкСистема #ПенсионныеНакопления #КачествоЖизни #СоциальнаяПоддержка #ПенсииКыргызстана #ФинансоваяПоддержка #ВозможностиПенсионныхСредств #ИпотекаСПенсией #Безработица #ПенсионнаяСистема
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев