Бир маселе боюнча сурамжылоо кылып коёюн деп чечтим.
Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” туристтик комплекси былтыр мамлекеттин карамагына өткөн.
Албетте мурда жакшы каралбай калгандыктан кунары кача түшкөн. Быйыл оңдоо-түздөө иштерин жүргүзө баштадык.
Кудай буюрса жакын арада туристтерди кабыл алып баштайт.
Мына ушул “Рух Ордого” эң чоң пирс салынып жатат. Ал пирс формасы комуздун түспөлүн көрсөтүп турат.
Ортосунда боз үй форамасында айнек ресторан болот. Ресторанда улуттук тамактар гана берилет.
Тейлөө кызматындагылар улуттук кийим кийишет.
Кыскасы улуттук колоритибизди көрсөткөн туристтик комплекс кылалы деп иш баштаганбыз.
Кечээ эле өзүм барып иштин жүрүшү менен таанышып келгем. “Быйылкы жайкы туристтик сезонго даяр кылабыз”,- деп куруучулар сөз беришти.
Анан мага бүгүн пресс катчым телефон чалып: “Социалдык түйүндөрдө комуздун түспөлү түшүрүлгөн пирске катуу сын айткандар көп болуп жатат”,- деп билдирди.
Мына ошондуктан жалпы коомчулуктан сурамжылоо кыламын.
Ким колдосо “Ооба” деп добуш бергиле, ким колдобосо “Жок” деп добуш бериңиздер.
Сөзсүз көпчүлүктүн каалоосун эске алабыз.
“Жок” дегендер көптүк кылып кетсе анда долбоорду өзгөртүп коюш беш секундда.
****
Уважаемые кыргызстанцы!
Решил сделать опрос по одному вопросу.
В прошлом году туристический комплекс «Рух Ордо» в Чолпон-Ате перешел в собственность государства.
Конечно, поскольку раньше о нем плохо заботились, он обветшал. В этом году мы начали проводить ремонт.
Даст Бог, в скором времени он начнет принимать туристов.
Этот пирс, строящийся в “Рух Ордо”, самый большой. Форма пирса передает форму комуза.
Посередине в форме юрты будет стеклянный ресторан.
В ресторане будут подавать только национальные блюда.
Обслуживающий персонал будет носить национальную одежду.
Словом, мы начали работать над созданием туристического комплекса, отражающего наш национальный колорит.
Буквально вчера ознакомился с ходом работ.
«В этом году будем готовиться к летнему туристическому сезону», - пообещали строители.
А сегодня мне позвонил мой пресс-секретарь и сообщил, что «в соцсетях много людей, критикующих пирс в форме комуза».
Именно поэтому я провожу широкий опрос среди общественности.
Кто поддерживает, то голосуйте «за», кто не поддерживает - «против».
Мы обязательно учтем пожелания большинства.
Если большинство проголосуют «против», то изменить проект - это дело пяти секунд.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев