Зулхижжа бул хаж айы болуп эсептелет.
Бул айда ислам устундарынан бири болгон ,хаж амалы аткарылат. Дүйнөнүн бардык бурчундагы мусулмандардан , Аллах кимге жеңил кылган болсо ,ошолор Мекке шаарына топтолушат. Зулхижжанын алгачкы 10 күнүндө Каъбаны айланып , тафат кылып жана Сафа Марванын ортосунда басып ,зам зам булагынан суу ичип Минада ,Арафатта, Муздалифада,Жамааратта жана Каъбанын айланасында ибадат кылып, куран окуп жана дуба кылуу менен алек болушат. Хажга бара албаган мусулмандар ,өз жеринде ушул 10 күндү текке кетирбей ибаадат жана дубалар менен өткөрүүсү зарыл. Бул берекелүү күндөрдүн пайдасы өтө көп .
♻Пайгамбарыбыз (саллаллоху ъалайхи ва саллам)"Бул он күн дүйнөдөгү эң жакшы күндөр .Жакшы амалдардын Аллага сүйкүмдүүсү ушул күндөрдө кылынган амалдар деген" жана башка бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллаху алайхи ва саллам)"Алланын алдында ушул күндөрү кылынган ибадаттан артыгыраак эч бир ибадат жок. Мүмкүн болушунча бул күндөрү Алланы көп зикир кыл .Бул күндөрдө бир күн орозо кармоо ,бир жыл орозо кармаганга барабар . Зулхижжанын алгачкы 10 күнүнүн ичинде бир күн орозо кармоо башка күндөрү бир жыл орозо кармагандан да артыгыраак деген".
МАЙРАМ КҮНДӨРҮ КАБЫРДЫ ЗЫЯРАТ КЫЛУУ.
Бир хадисте Пайгамбарыбыз (саллаллооху ъалайхи ва саллам)"Майрам күнү ким ата энесинин кабырын зыярат кылса ,ар бир баскан кадамына сооп берилет.Ата энесин майрам күнү кубандырган инсандарга Аллах Таала мээримдүүлүк кылат. Бирөөнү капа кылганды Аллах Таала дагы капа кылат.Кыямат күнү ал адамдын жүзүнө карабайт" деген.
♻Кимде ким майрам кечелерини ибадат менен өткөрсө ,Аллах Таала бардык пенделердин жүрөгү өлгөн күнү ,ал адамдын жүрөгүн сактап калат. Бир жыл ичинде 5 кече бар .Ким бул кечелерде көп ибадат кылса , Аллах Таала ал инсанды Бейишке киргизүүгө Өзү убада берген.
♻Ал кечелер: Арафат кечеси жана майрам айыт кечелери Арафадан бир күн алдынкы кече жана Барат кечеси". Ким майрам кечелеринде бул дубаны 10 жолу окуп Алла Таалага дуба кылса ал инсан өлсө дагы жүрөгү өлбөйт.
♻"Я хаййу Я Кайюму Я бадийъус самаваати вал арзи я Зал Жалаали вал Икром"
Мааниси:"Оо тирүү жана ар дайым туруучу Зат .Оо жер жана асманды жок жерден бар кылган Зат.Шарапат жана улуулук ээси болгон Аллахым ".
📚ЫЙЫК АЙЛАР ЖАНА КАБЫЛ БОЛГОН ДУБАЛАР.
🕌КМДБ МОСКВА.
Катталыңыздар ⤵
https://ok.ru/kmdb.moskva
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев