Предыдущая публикация
Мейли, мейли ишенбе,
А жүрөгүм сени сүйүп, түшүп калган кишенге.
Канча ирээт четке кактың сүйүүмдү,
Кеч болгондо кечиргин деп сен келбе.
Сүйүү деген болуш керек чын дилде,
Жаман ойдо жүрөгүмө сен кирбе
Болбосо эгер ишенимиң сүйүүмө,
Алдабагын салба анда бал тилге.
Сөздөрүнө бирөөлөрдүн көп кирбе.
Калбасынчы күдүк ойлор ичиңде.
Эми гана тапканымда сүйүүмдү,
Жүрөгүмдү бырчалаба, жүз тилбе.
Автор Мидин Каимов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 113
Калем үчү чарчабасын.