Акыркы 2-3 жылдын ичинде Кыргызстандын бардык аймактарын кыдырып, миңдеген жаштар менен жолугуп, пикир алмашууга мүмкүнчүлүк болду. Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, азыркы учурда жаштардын кайсы кесипке көбүрөөк кызыгарын жана ошондой эле, эмне себептен ошол кесиптерди тандагысы келерин билгим келип, жеке изилдөө жүргүздүм. Изилдөөнүн жыйынтыгы бир эсе мени таң калтырса, бир эсе мени өтө ойлондурду. Себеби, биздин жаштар, өзгөчө 17-18 жаштагы мектеп бүтүрүүчүлөрү дээрлик 70%ы дагы деле кайсы кесипти окугусу келгенин же кайсы кесипти окуш керектигин билишпейт экен. Ошондой эле, калган 30%дын 70-80%ы дагы деле юридикалык, эл аралык мамилелер же медицина багыты боюнча окууну каалайт. Ал эми калган 20%ды түзгөн окуучулардын көбүнчөсү котормочулук менен IT тармагында окугусу келет.
Бул көрсөткүчтөрдөн өтө кызыктуу натыйжа чыгарсак болот. Окуучулардын дээрлик 70%ынын кайсы багыт боюнча билим алууну билбегендигинин эң негизги себептеринин бири – бул үй-бүлөдө ата-эне, мектептерде мугалимдер жана мамлекетте коом балдарга туура жол көрсөтүп, багыт бере албай жаткандыгында. Буга далил катары биздин мамлекеттик мектептердин эч биринде атайын балдар менен жекеме жеке иштей турган, ар бир баланы жакшы тааныган жана дүйнөлүк трендди анализдеп, келечектин кесиптерин көрүп аныктай билген мыкты адистердин жоктугун айтсак болот. Өнүккөн өлкөлөрдүн сап башындагы Германияны мисал кылалы. Эгер Германиядагы алтынчы класстын баласынан “Эмнени окуйсуң?” деп сурай турган болсок, ал алдыдагы максаттарын толук айтып бере алат. Мисалы: “Мен мектепти аяктагандан кийин Англиядагы London School of Economics университетинин Business факультетинде окуйм. Андан соң, Германияга келип KPMG же Delloit компаниясында башкы бизнес консультант же аудит болуп иштейм” деп алдыдагы 10 жылдык планын айтып берүүгө жарайт. Албетте, немис үй-бүлөсүндө чоңойгон бала менен кыргыз үй-бүлөсүндө өскөн баланын эч кандай айырмасы жок. Болгону, Германияда балага багыт берүү системасы туура жолго салынган. Ар бир мектепте жогоруда аталгандай баланын келечегине багыт бере ала турган адис иш алып барат. Алар ар бир окуучуну жакшы билишет. Ага таандык өзгөчөлүктөрдү, кулк-мүнөзүн, эмнеге кызыгарын, кайсы кесипти окуса өз жолун таап кете аларын аныктап, ата-энеге жана мугалимдерге билдирет. Германияда “үч бурчтук” системасы иштейт. Аты эле айтып тургандай, бул системанын алкагында багыт берүүчү адис, ата-эне жана бала тыгыз байланышта иштешет. Баланын жөндөмдүүлүгүнө жараша адис 10 жылдык план түзүүгө көмөктөшөт. Кайсы адистикти эмне үчүн окушу керектигин толук түшүндүрөт. Ата-эне өз кезегинде ошол пландын негизинде балага кам көрөт. Ошентип, атайын адистин жана ата-эненин биргелешип иштөөсүнүн натыйжасында, бала кичине кезинен эле конкреттүү максатка жана ага жеткирүүчү планга ээ болот.
Кандай кесипке ээ болууну билген калган 30%ды түзгөн жаштардын тандоосу юридикалык, экономикалык, медициналык факультеттер же эл аралык мамилелер сыяктуу адистиктер менен чектелип жатканы өкүндүрөт. Мындай көрүнүштүн да бир канча себебин так айта алам. Биринчиден, азыркы жаштар учурда дүйнө кайда баратканын, кандай тенденциялар жүрүп, кандай өзгөрүүлөр болуп жатканын, мындан 5-10 жылдан кийин кандай кесиптерге суроо-талап жогору болорун өз алдынча изилдеп, анализдеп, баамдай албай жатканында. Экинчиден, азыркы бийликте отурган сабатсыз эл өкүлдөрүнүн жана ушул адистиктерди аяктап, кийин сот, укук коргоо тармактарында иштеп жүргөндөрдүн тездик менен байып кеткендиги кийинки муунга, тактап айтанда азыркы жаштарга терс таасирин тийгизди. Тилекке каршы, жаштар арасында “ушул тармактарды окуп, мамлекеттик кызматтарга орношуп, тез эле байып, таасирдүү адам болсо болот турбайбы” деген жапайы түшүнүк калыптанып калды. Ал эми реалдуулук кандай? Кыргызстандын 60-70 пайызы юридикалык билим алгандар. Алардын көбү адистиги менен иштебей, соода же дагы башка тармактарда жүргөнүнө күбөбүз. Негизи Кыргызстан үчүн билимдүү жана сапаттуу 15-20 юрист жетиштүү. Ал эми учурда Кыргызстандын укугун эл аралык соттордо коргоп, таламын талаша ала турган, англис тилин билген сапаттуу юристтерибиз жок. Жыл сайын башка өлкөлөрдөн юридикалык фирмаларды жалдап, миллиондогон долларларга чыгым болуп жүрөбүз. Эл аралык мамилелер боюнча деле ошол эле көрүнүш. Бизге 10 эле мыкты дипломат жетет. Учурда димломатиялык кызматтар бош эмес. Алдыңкы 10-15 жылдын ичинде бошойт деп айтуу да жаңылыштык. Ал эми, медицина тармагын карай турган болсок, албетте, жакшы тандоо. Бирок өз ишин мыкты билген адис болуп чыгышы үчүн жок дегенде 15-20 жыл убакыт керек. Мынча убакыт билим алууга окуучунун психологиясы да, ата-эненин капчыгы да даяр болушу керек. Себеби, 10 жыл билим алып, ординатураны аяктаган соң, бир клиникага же ооруканага 6000-7000 сом айлык алып иштеп калуу ыктымалдыгы да бар экенин эстен чыгарбоо керек. Эгер окуучу 18 жашында билим алып баштаса, 15 жылдан кийин ал 33 жашка толот. 33 жашында ал дасыккан дарыгер болуп чыгарына да эч ким кепилдик бере албайт.
Ааламдашуу (глобализация) дооруна ылайык, учурда бардык нерсе технологиянын негизинде иштеп жатат. Интернеттин жана технологиянын өнүгүүсү бардык тармактарга таасирин тийгизип, мүмкүн болгон нерсенин бардыгы автоматташтырылууда. Кайра эле Германияны мисал кылалы. Эгер дүйнөгө кеңири белгилүү Мерседес же Ауди унаалары жасалган заводдордун бирине барсак, темир-тезек кармаган бир да адамды көрбөйбүз. Машинаны баштан-аяк роботтор курайт. Андан да кызык мисал. Америкалык Илон Масктын Tesla үлгүсүндөгү эл жана жүк ташый турган унаалары айдоочусу жок эле башкарылат. Азык-түлүк саткан Amazon дүкөндөрүндө бир да киши иштебейт. Ар бир азык-түлүктүн салмагын өлчөп, баштыктарга салып даярдап койгон. Сиз каалаган нерсеңизди алып кете бересиз. Атайын орнотулган видео көзөмөлдөр сиздин ким экениңизди өзү эле аныктап, эсебиңизден акчасын өзү эле алып коет. Мындай мисалдар өтө көп.
Эми келечектин кесиптери боюнча айта турган болсок, алдыдагы 10 жыл ичинде дүйнөнү чоң өзгөрүүлөр күтүүдө. Себеби, жасалма интеллект жана автоматташтыруу көптөгөн кесиптердин жок болуусуна алып келет. Мисалы, CNBS каналынын билдиргенине жана McKinsey консалтинг компаниясынын изилдөөсүнө ылайык, 2030-жылга чейин дүйнө жүзү боюнча 800 миллион, анын ичинде Америкада 20 миллион, Кытайда 11 миллионго жакын киши ишсиз калат да, алардын ордун роботтор ээлейт. Роботтор адамдарга салыштырмалуу ыкчам, тынымсыз, чарчоосуз жана катасыз иштешери айдан ачык. 10 адамдын бир күндүк жумушун 1 эле робот жөндөп коюшу мүмкүн. Oxford Economicsтин берген маалыматына таянсак, алдыдагы 11 жыл ичинде Кытайдын завод, фабрикаларында 14 миллион робот ишке алынары күтүлүүдө.
Ааламдашуунун агымы дүйнөнү мына ушундай өзгөрүүлөргө алып баратат. Мындайда бардык нерсе маалымат технологияларынын жана нанотехнологиянын негизинде ишке ашууда. Ошондуктан, дүйнөдө болуп жаткан өзгөрүүлөрдү анализдеп, жеке иликтөө жүргүзүп, мындан 10-15 жылдан кийин кайсы кесиптерге суроо-талап жогору болуп, мыкты маяна төлөнөрүн аныктап, ошого жараша жаштарга багыт бергенибиз туура болот. Жалпысынан бул кесиптер маалымат технологияларына, программалоого жана роботехникага байланыштуу кесиптер болмокчу.
Алдыдагы 20-30 жылда роботтор менен бирге жашай баштайбыз. Бардык нерселер автоматташтырылып, унаалар кадимкидей эле учуп, ар бир үйдө ар кандай кызмат аткарган роботтор болот. Атүгүл, адамдарга чип жайгаштырылып, кай жерде болбойлу, бири-бирибиз жөнүндө толук маалымат алып тура алуу мүмкүнчүлүгү болот. Ооба, азыр жомок сыяктуу, күлкүлүү угулат. Бирок дүйнө мына ушундай өзгөрүүлөргө тездик менен кадамдап баратат. Ошондуктан, бул мезгил аралыгы биз үчүн маанилүү. Мындай жаңы доорго даярдыгыбыз кандай? Бул өзгөрүүлөрдү тосуп алууга күчүбүз жетеби? Биз азыр ушул суроолордун үстүнөн ойлонуп, мамлекеттик деңгээлде пландашыбыз керек.
PS: Бул макала Илон Масктын акыркы интервьюсынан 2 ай мурда жазылган болчу!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев