Бир энеден туулуп бир курсактан
Бир туугандар учусса да бир уядан
Бой жетишип катын алып эрге тийип
Турмуш жолдо басышат башка кыядан
Чоноюшуп бир уйдо баары чогуу
Бир табактан тамак жеген таттуу болот
Кийинчерээк жашоолору болок болуп
Тамак эмес создору да ачуу болот
Баарысы бир карынга батып келет
Сырларын чогуу бирге катып келет
Було куруп турмуштары болок болуп
Кези келсе бирин бири сатып келет
Бул нерсе табигаттын мыйзамыбы
Же болбосо пейилдин тардыгыбы
Же илгертен уланып келе жаткан
Кандан откон мурастын калдыгыбы
Байлык мансап бийлике жете коюп
Бакыт нурга чулганып консо дагы
Бала кездей боло берсе эмне болот
Турмуштары болок болок болсо дагы
Кудай колдоп жашоосу жакшы болуп
Бала таап ата атка консо дагы
Баштагыдай боло берсе эмне болот
Уй булосу болок болок болсо дагы
Бул корунуш кездешип коп уйлордо
Карап корсон окшошуп бараткансыйт
Бир энеден тараган туугандарды
Аялдары эки жакка караткансыйт
Катуу кетпей аялдар секиндесе
Эркектердин ынтымагын кетирбесе
Кылыктарын оздору талдап коруп
Бул создорго жинденип секирбесе
Карын майды чириткен бир коргоол бар
Аялдардын ичинен шиши толгон бар
Ынтымакты кетирип болуп жарып
Акыр бир кун адам эмес ит болгон бар
Эркектер да аялдарын угушпаса
Бир тууганга душмандык кылышпаса
Ынтымакта жашашып дайым бирге
Мамилеге броно чеп курушпаса
Автор: Урматхан Нишановна.
08.12.20ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев