Бир топ жыл Англияда окуган уулу өз мекенине окуусун ийгиилктүү аяктап кайтканына Сапарбай байке бир тарабынан кубанып,экинчи тарабынан Кудайга шүгүр келтирип жатты. Бир-эки күн өткөн соң, уулу Азаматты жанына алып, чет элдеги элдердин жашоосуна кызыгып,кепке тартты:
-Сүйлө,жигит....эмне көрдүң,Англиялыктардын жашоосу кандай экен анан?Бизден эмне айырмасы бар?
-Билесизби,ата, алар таптакыр башкача жашайт. Баардык тарабынан бизден айырмаланып турат.Мисалы мен картайып калган англиялык кемпир-чалдын үйүндө жашадым.Алардын бизден болгон эң чоң айырмачылыгы-бул сарамжалдык. Сараңдыкка батып,жашоонун ырахатын сезбей калгандардан эмес,а бирок акылсыз акчаны да асманга сапырышпайт.
-Мисалы?
-Мисалы,алар эки бөлмөлүү чакан бир батирде жашашат экен.Анын да бир бөлмөсүн мага окшогон студенттерге ижарага берип коюшат.Андан сырткары үй кожойкеси миссис Смит мага саар жана кечки тамагымды даярдап берет эле. Ал үчүн да ага кошумча акы берчүүмүн.Жазгы эс алууда Лондондон кетээр алдында ,экинчи бөлмөсүн да ижарага берип кетишет.
Эми биздин үйгө бир назар таштаңыз, ата! Эки кабаттуу үйүбүздүн ичинде бильярд ойноочу бөлмө,машыгуу бөлмөсү,70 чарчы метр болгон килейген конок бөлмөсү,бир топ уктоочу бөлмөлөр бар. Мунун баарынын эмне кереги бар? Балдарыңыздын баары тынып,турмуш жолуна түшүп,тарап кетишкен. Жалгыз апам экөөңөр жашасаңар, коноктор да көп болсо жылына эки-үч жолу келээр.Калган убакытта болсо,мынча бөлмө бош эле турат.Өзүңөргө кызмат үчүн салган бөлмөлөргө апам байкуш жумасына эки жолу чаңын сүртүп кызмат кылат.Мунун баары жөн эле турса экен,ар бир бөлмөнү тазалыгын сактап, жылытып, салыгын төлөп туруу керек да.Мынча нерсенин бизге эмне кереги бар?
-Койчу,балам,уят эмеспи! Кыргыз кантип кепедей болгон эки бөлмөлүү үйдө жашасын?
-Мен ойлогондой эле жооп бердиңиз,ата. Эми сиздин унааларыңызга бир назар таштаңыз. Жумуш үчүн бир джип машинеңиз бар.Болбосо жумушуңуз деле алыс эмес,шаардын ортосунда жайгашкан.Чүй проспектиси менен түз барсаң, ашып барса 10 мүнөттүк жол.Бул кыска аралыкка сизге жолтандабастын не кереги бар?Иштеген жериңиз же тоодо жайгашпаса.Апама да бир машине сатып бердиңиз.Экинчи унаага муктаждык бар беле?!
Мисалы мистер жана миссис Смиттердин чакан,майды аз жеген машинеси бар. Аны Лондон ичинде айдоого да,парковка кылууга да ыңгайлуу. Мындан сырткары алардын велосипедтери да бар.70 жашта болсо да алар машинеге караганда,велосипедтерин көбүрөөк колдонушат.Элестетип көрдүңүзбү? Мен мистер Смитке биздин унааларыбыз жөнүндө айтып берсем абдан таң калды.Бир гана сенин атаңды жумушка ташыш үчүн 10 литр май коротуп,андан сырткары төрт бош орунга аба ташыгандын не кереги бар деп сурады.Мындай унааны сатып алуудан жана анын майына очойгон акча коротуудан ким пайда таап жатат?Акчаларыбыз эле сапырылып жатат, өкүнгөнүм эле ошол.
-Ха-ха-ха!Азамат, эми мени “Фит” же “Матиз” айдап жүргөнүмдү элестетип көр. Достордун баары мазактап жыргап калбайбы!
-Дал ушул жерде биздин айырмабыз даана көрүнүп турат.Англиялыктар үчүн сыймыктуу болгон нерсе биз үчүн уят, бизге сыймык болгон нерсе-аларга уят.
Андан ары улантайын, менин байкашымча алар көп кийим деле сатып алышпайт экен.Аз эле кийим дегенде кандай? Бизге караганда бир топ аз. Мисалы, сиз алгач Лондонго келгенде “Харродс” маркасындагы кийимдин жарымын эле сатып алганыңыз эсиңиздеби?Четтен баарын алгансыз.Анан эмне болду?Ошолордун көбүн кийген деле жоксуз.Кээ бирин бир-эки жолу гана кийдиңиз.Дайым кийген дүжүр кийимиңиз баарына эле маалым: үч костюм,эки джинсы шым жана үч футболка.Ал эми сиз Лондондон алган бренд кийимдерди Ноокаттагы байкелерим менен Көлдүк тайкелерим эле кийип жүрөт.Балким ал кийимдерди кийип алып,картөшкө казып жаткандыр.Апам аларды сиз ыргытам дегениңизден жөнөтпөдү беле.Жашоо ушунтип эле уланып жатат.
Катардагы англиялык болсо акцияны күтүп, арзан баада кийим сатып алат жана аны тешилгиче кийет.Керек болсо кийин аны интернет аркылуу бир-эки фунтка сатканга да жетишет.Алар ар бир пенсин(тыйын) санап жашашат.
-Айтканыңда мандем бар,чындап эле ар дайым жаңы кийим сатып алып,кийбей эле жок болот.
-Кийим го мейли.Тамакчы? Биздин ашканабыздын абалын караңыз.Кудум эртең ачарчылык келип жаткансып,үч маал курсактарыбыз жарылгыча жейбиз.Анын жартысы да ашып калып, таштандыга кетет.Анткени биз ысытылган тамак жебейбиз да.Күн сайын абал ушундай эле. Керек болсо бизден арткан тамак менен Африкадагы бир-эки үй бүлөөнү бакса да жетет.
Мистер жана миссис Смит болсо тамактанууга кандай мамиле кылуусун билгиңиз келеби? Муктаждыгына жараша тамак жасашат.Жасаган тамагы эки тарелкадан ашпайт. Табити жок болсо, кийинки күнү жылытып жешет.
-Койчу ай, ал жашооңду. Селсаяктардай болбой адамча кенен жашаш керек да.
-Адамча деп калдыңыз,адамдыктын бир тарабы меймандостук жөнүндө айтып берейин.Бул жарышта бизге эч ким жетпейт го.Биз деген меймандостуктун туу чокусуна чыккыбыз келет го,чиркин. Жөнөкөй эле жумушубузду жууганга 30 адам чогулат. Тоюбузда болсо 400-500 адам чакырабыз.Эң кызыгы, ар дайым дасторконду даярдоодо ашыгы менен камданабыз.Балким коногубуз досу ,коңшусу, балдары же неберелери менен келип калышын билебиз да.Бул абалыбызды англиялыктарга айтсам эстен тана жаздады.Бирөөнүн мааракесине чакырылбаган адамды кантип жетелеп барасыңар дешет. Бул нерсе алардын акылына сыйбаган иш.Алар аз гана конок чакырып,анын санына жараша тамак ырасташат.Бизге окшоп чамалап туруп, 20-30 адамга дебей,так тизмеде 23 адам болсо,ошол 23 адамга тамак даярдашат.
Дагы бир кызык нерсе. Дасторкон жаюу деген бизде кандай? Тасмалдын бети салат,боорсок, нан,шириндин,суусундуктан көптүгүнөн чай пиалаңды койчу жер таба албайсың.Андан сырткары биринин артынан бири 3-4 ысык тамак кирет.Аягында желденген топтой болуп, онтоп да калабыз.
Алардачы? Бирден салат, бир ысык тамак жана чай. Бул эми эң меймандос болгон жердеги жагдай,көбүнчөсү болсо жөн гана шам-шум этчү тамак менен суусундуктар.Анткени аларда адамдар конокко тамак жеш үчүн эмес, сүйлөшүп баарлашуу үчүн келишет экен.
-Анын эмнеси бар экен,тамак жегенче сүйлөшө берет да...
-Макул,сүйлөшсүн,бирок курсакты ныктай берүүнүн не кереги бар?
-Билбейт экенмин,эми бизде ушундай да,балам.
-Кышында Лондондо жүрүп,дагы бир нерсеге көзүм түштү,атаке!Эмне дебейсизби?
-Ии,эмне экен анан?
-Англиялыктар кышында үйдүн ичинде жылуу кийимчен жүрүшөт экен.
-Анын сыры эмнеде?
-Сыры деле жок экен. Бизге окшоп,кудум мончону ысыткансып от жакпайт экен. Алар отун-көмүрдү да үнөмдү пайдаланышат.Баардык бөлмөлөрдү жылытып отурбай эле,бир эле бөлмөнү меш менен бирааз жылытып,жылуу кийим кийип эле жүрүшөт.
Биздечи?Биздин үйдө кышын-жайын бирдей,Ташкентеггидей майке-түрсүчөн жүрсөң да болот.25 градус болгуча көмүр калайбыз.Эсиңиздеби, Талант аяш атамдыкына барганда,ушунчалык жылуу экен, батареяларын төшөк менен жаап коюшуптур.Керек болсо форточканы да ачып коебуз.Мистер Смитке бул абалды айтып берсем,силер чириген бай окшойсуңар деп айран калды.
-Эми Талант аяш атаң эмне кылсын дейсин?Байкуш ТЭЦке жакын жашаса,Бишкек боюнча болушунча жылытып жатса,батареяларда болсо жылуулук регулятору жок болсо не кыла алмак эле?!Аяш атаң тээ совет доорундагы “панелькада” жашайт эмеспи.
-Мистер Смит бир эле аяш атама эмес,бүткүл кыргыз элине таң калып жатпайбы.
Биздин үйдөгү жарык жөнүндө ойлонуп көрдүңүзбү?Ар бир бөлмөбүздө люстрада эң азында беш лампочка бар.Андан сырткары акыркы ремонттон кийин кошумча чырактар да бар.Ал эми Англиянын көпчүлүк үйлөрүндө люстра жок экенин элестете да албасаңыз керек,туурабы?
-Ансыз да болобу?
-Болот экен. Аларда ар бир үстөлдүн үстүндө, күзгүнүн астында бирден чырак бар.Бөлмөлөрдү жаркырата берүүгө көп энергия коротушпайт. Алар керектүү жерге гана жарык орнотушат экен.Ушул ыкмасы менен сарамжалдуулукка жетишишет.Подъезд,көчөлөр жана короолорго кыймылдаганда жанчуу чырак коюшат.Башка убакытта болсо, чырактар өз алдынча өчүп, бир топ каражат үнөмдөлөт.
Биздин подъездин чырагы болсо күнү-түнү өчпөйт.Сиз бул нерсени байкабасаңыз деле керек.Бирөө жарым өчүрбөсө,лампочке күйүп калгыча күнү-түнү иштей берет.
Эми сиз өтө эле майдаланып кеттиң дешиңиз мүмкүн,бирок англиялыктар жадагалса ажаткана жана мончо колдонууда да сарамжал.Алар тиш жууп жатканда сөзсүз сууну өчүрүп коет.Биз жуунуп баштагандан аягына чейин сууну өчүрбөйбүз.
Алар ажатканада кичи муктаждыгын бүтүрсө,унитаздын кичинекей кнопкасы аркылуу бактын жарым суусу менен агызат.Бизде ал нерсеге эч ким деле маани бербейт да,туурабы? Көпчүлүк элибизге унитаздар эки кнопкалуу да болушу мүмкүн экендиги оюна да келбесе керек.
-Эми мени уксаң,балам. Мен деген ошол эле сууну же светти урдап алган жокмун да.Бешене терим менен тапкан акчама ай сайын коммуналдык кызмат акыларын төлөп жатпаймынбы.Унитаз аркылуу агызган суу үчүн менин эле акчам кетип жатпайбы.Мамлекет мындан кандай зыян тартмак эле?
-Эң өкүнүчтүүсү ушул нерсе болуп жатпайбы,ата.Мейли,илгеркидей ууру ток менен,же эсептегичи жок суу колдонсок бир жөн.Бирок менимче бул да туура эмес көрүнүш.Биз деген өз акчаларыбызды канализацияга агызып,свет аркылуу чачып, корообузду форточканы ачып алып жылытып жатабыз го. Ашыкча тамакты таштандыга ыргытып жатып, өзүбүздү өзүбүз эле кор абалга түртүүдөбүз. Же анын эч кимге пайдасы жок.Жөн гана абага учкан каражат.Ооба,бул сиздин маңдай тер менен тапкан акчаларыңыз,уурдап алган эмессиз.Эми ошончо кыйынчылык менен табылган акчаларды ушундай акылсыздык менен коротуу,туурабы сизче?Эми ушул эле көрүнүштү жалпы Кыргызстандын масштабында карасак,не деген коркунучтуу абал.Ал акчалар Орусиянын ызгаар суугунда , жайдын аптабында талаада дыйкандардын мээнети аркылуу табылган акча да.Топтоп келгенде тонналаган буудай, тоодой болгон кийим-кече максатсыз эле жок болуп жатпайбы.Күн сайын эсеби жок каражат жалкоолугубуз жана курулай намыстын айынан кумга айланууда.
-Эми суу менен светти өчүрүп койсоң эле,байып кетмек белең?
-Ооба,байып кетебиз.Өлкө экономикасы дал ушундай майда нерселерден куралат эмеспи.Ар бир тамчы суу,ар бир киловатт энергия топтолгондо бир топ эле байлык.Сиз үчүн сараңдык жана майдачыл битирдин иши деген нерселер, чет өлкөлүктөр үчүн кылымдар бою түптөлгөн жашоо образына айланган.
-Мен баары бир аларга окшоп,ар бир тыйынымды эсептеп жашай алмак эмесмин...
-Макул,көнгөн нукта жашай бериңиз.А бирок анда биз эмнеге англиялыктардай болуп бай жашай албайбыз деп наалыбайлы.Көнгөн адатыбызга ылайык,ысырап кылып жашай берели,а бирок эмне үчүн алардын жашоо деңгээли бизге караганда бир топ жогору деп таң калбайлы.Алардын шаарларында комфорт бар,бизде жок деп сөгүнбөйлү.Чет өлкөнүн пенсионерлери эмне үчүн жыл сайын дүйнө кыдырып саякаттайт,а биз болсо Ысык-Көлгө да жете албай жатабыз деп даттанбайлы.Мунун баары бири-бири менен байланыш нерселер,атаке. Бай жашагыбыз келсе,сарамжал,ысырапсыз жашаганды үйрөнүшүбүз керек.
-Туура айтасын......
Даярдаган: Нуриет Абдулазиз
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев