Предыдущая публикация
Жей бериңиз. Жасалма экен этибиз,
Иштен чыгат, боор, бөйрөк, өтүбүз.
Кыргызымды жарга карай сүйрөгөн,
Кыйшаюуда күндөн күнгө көчүбүз.
Жашоо үчүн кылабыз да далбаса!
Жасалууда арам эттен калбаса.
Кантип эле байып кетсин төбөлдөр,
Калк жонунан кайыш тиле албаса.
Ишмерлердин иттигинен кыйналдым...
Ирандыкка этин сатып уйлардын,
Имиш-имиш, чын эле окшойт мен уккан,
Индиядан этин ташып буйвалдын...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1