Предыдущая публикация
Асылгандай тагдыр жүгү моюнуман,
Кареке толуп ташып коюу туман,
Жакыным ажал келип тартып алды,
Мээримине толо элек коюнуман.
_____
Күн айланып кез кеч батаарына,
Жол алдың шашылып не сапарыңа,
Көнгүм келбей бир саананы тан алып,
Көз ачпай түбөлүк уктап жатарыңа.
_____
Ченемине сан жеткирип мезгилдин,
Сапарыңы түгөшүнө жеткирдиң,
Кечир'Ата кечир мендей балаңды,
Ажал сага келгенин не кеч билдим.
_____
Аралашып өмүр деген агымдын,
Жоктугуңа көнө албай тарындым,
Өткөрсөк'да Ата эми жетиңди,
Үч жылдай көрбөгөндөй сагындым.
_____
Оорутуп жүрөгүм күндө тилем,
Чапаның жыттап ата күндө кием,
А бирок баарынанда баарынан,
Бейишке киргениңди анык билем.
_____
________КАЙРАТ АШУРОВ_________
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев