Гүлдөр бөлмөгө бир гана кооздук тартуулабастан, алар ден соолуктун чың болушуна да өздөрүнүн салымдарын кошушат. Башкача айтканда, бөлмө гүлдөрүн "унчукпас доктурлар" деп коюуга болот. Мына ушундай ден соолукка эң көп пайда алып келүүчү гүлдөр кайсылар?
Хлорофитум
Бөлмө гүлдөрүнүн ичинен ден соолукка эң пайдалуусу - хлорофитум гүлү. Бул гүл үйдөгү синтетикалык материалдардан чыккан уулуу заттарды жутуп алат. Мындан тышкары, хлорофитум гүлү бөлмөнү бактериялардан тазалоочу эң жакшы каражат. Бир идиштеги мындай гүл бир сутканын ичинде орточо көлөмдөгү бөлмөнү бактериялардан толук бойдон тазалап коюуга жөндөмдүү. Эгерде гүл идишке 1-2 таблетка активдештирилген көмүр салып койсоңуз, гүлдүн абаны тазалоо касиети бир нече эсеге жогорулайт. Хлорофитум гүлү үчүн эң жакшы жай - ашкана. Анткени, ал газ күйгөндө бөлүнүп чыккан уулуу заттарды да өзүнө сиңирип алат.
Кактус
Кактустун узун ийнелүүлөрү өзгөчө пайдалуу. Бул өсүмдүк абадагы микробдорду өлтүрөт, бизди электромагниттик нурлануудан коргойт. Андыктан, кактусту компьютер, телевизор турган бөлмөгө коюу сунушталат.
Сансевьера
Эгер квартираңызда аба жетишпесе, кышында аба кургак болсо сансевьера гүлүн өстүрүңүз. Бул гүл кычкылтекти бөлүп чыгаруу боюнча фабрика. Мындан тышкары, ал линолеумдан, үй эмеректеринен чыккан зыяндуу заттардан сизди коргойт.
Алоэ
Алоэ - күчтүү "үй-бүлөлүк доктур". Анын жалбырактарында көптөгөн пайдалуу заттар камтылган. Ал эми анын ширеси ферменттерге, витаминдерге бай. Бактерияларга каршы туруучу касиетке ээ болгондуктан, көптөгөн ооруларды айыктырууда жардам берет. Мисалы, алоэнин жалбырагынын бир кесимин ооруган тишиңиз менен тиштеп турсаңыз, бир нече мүнөттөн кийин айыгат. Же болбосо жарым стакан сууга алоэнин 30 тамчы ширесин кошуп ичүү баш оорудан арылтат. Ал эми ашказан ооруларын айыктырууда эт майдалагычтан өткөрүлгөн алоэге теңме-тең кылып бал кошуп жеш керек. Мурун бүтүүдө болсо анын ширесин ар 2-3 саат сайын тамчылатып туруу зарыл.
Герань
Экинчи орунда - герань гүлү турат. Ал баш ооруда, уйку качууда, стрессте, болор-болбос нерсеге кыжырдана берүүдө жардамга келет. Мындай учурда гүлдөп турган герандын жанында 10 мүнөт турсаңыз, нерв системаңыз жайына келип, маанайыңыз ачылат. Мындан тышкары, герандын сасык тумоодо пайдасы чоң. Сасык тумоо жаңыдан башталып келаткан учурда өсүп турган герандын жалбырагын жулуп алып, колуңуз менен эзиңиз. Андан чыккан жытты жыттасаңыз, сасык тумоо жоголот. Ал эми кан басымыңыз жогору болсо, бул гүлдүн жалбырагын билегиңиздин ички бетине жармаштырып алыңыз, кан басымыңыз ордуна келет. Кулак ооруда, радикулитте жалбырактарын эзип ботко жасап, аны ооруган жерге коюу сунушталат. Бирок, герань өскөн бөлмөдө уктоо башты оорутуп коёт.
Фикус
Фикустун кургатылган жалбырагы - геморройдо, сабагы - ревматизмде жардамга келсе, сабагынын ширесин тери ооруларында, тамак сиңирүүнүн бузулуусунда, кургак учукта колдонушат. Фикус фенол, бензол сыяктуу зыяндуу заттарды өзүнө сиңирүү менен абаны тазалайт. Ошондой эле бул гүлгө тиешелүү мындай ишеним бар: эгерде балага зар үй-бүлөлөр фикус гүлүн өстүрүшсө, балалуу болушат. Бул гүлдү уктоочу бөлмөгө коюу сунушталбайт, анткени, фикус түн ичинде кычкылтекти жутат.
Бөлмө гүлдөрүнүн мындан башка пайдалары
Абаны тазалоо. Гүлдөрдүн көмүр кычкыл газын өзүнө сиңирип алып, кычкылтекти бөлүп чыгарарын ар бир эле мектеп окуучусу билет. Бөлмөнү кычкылтек менен камсыз кылууну, абаны нымдоону дал ушул бөлмө гүлдөрү өз "моюндарына" алышат. Атүгүл бөлмө гүлдөрүнүн арасында адам өмүрүнө зыяндуу ар түрдүү бактериялар, микробдор менен активдүү күрөшкөн гүлдөр да бар.
Нерв системасын калыбына келтирүү. Жашыл түс нерв системасына оң таасир тийгизээрин психологдор алда качан далилдешкен. Ал чарчоону, чыңалууну жазып, адамды тынчтандырат. Ошондой эле жашыл түс компьютерде иштөөдөн чарчаган көздү эс алдырат. Ал эми бөлмө өсүмдүктөрүнүн кызыл түстөгү ачылган гүлдөрү активдүүлүктү жогорулатат.
Лимон
Лимондун мөмөсү гана эмес, жалбырактары да пайдалуу касиеттерге ээ. Анда 50дөн ашык баалуу заттар бар. Лимон өскөн бөлмөнүн абасы дайыма 100 пайыз таза турат. Мындай абада оору козгогуч микробдор көбөйө алышпайт.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев