Сиздер менен бир жакшы жаңылык жана сиздерге пайдалуу маалымат менен бөлүшө кетейин.
Өзүңүздөр билгендей, менин тапшырмамдын негизинде көпчүлүк жарандарыбыз үчүн көйгөйлүү маселе – турак жай менен камсыздоону чечүү багытында иштер кызуу жүрүүдө. Бул - мамлекеттик ипотекалык компания аркылуу көп кабаттуу үйлөрдүн курулушу жана мамлекеттик кызматта иштегендерге эле эмес, жеке жактарга дагы ипотекалык негизде кезексиз батирлүү болуу мүмкүндүгү.
Ал үчүн батир алууну каалаган мүмкүнчүлүгү бар жарандар турак жайдын баасынын туура тең жарымын төлөшү керек эле.
Бирок, мындай мүмкүнчүлүк баарында эле жок экен.
Мисалы, ала турган батири 60 миң доллар турса, анын 30 миңин төгүш керек. Ал эми жарандын колунда 20 миң доллары гана бар дейли. Калганын кайдан алат?
Бул маселеде жардам бериш үчүн мамлекеттик РСК банкы менен Мамлекеттик ипотекалык компанияны (МИК) өнөктөш кылдык. Эки аптанын ичинде РСК банкы “Элдик банк” болуп аталышы өзгөртүлөт.
Жөнөкөй мисал менен түшүндүрсөм, сиз тандаган батир 60 миң долларга бааланып жатат дейли. Сиздин колуңузда 20 миң долларыңыз бар. Кезексиз батир алыш үчүн МИКке 30 миң доллар беришиңиз керек. Батирге жетпей жаткан 10 миң долларды сизге “Элдик банк” (азыркы РСК банкы) беш жылга чейинки мөөнөткө 10 пайыз жылдык үстөк менен берип турат (Коммерциялык банктар 19 пайыз жылдык үстөгү менен беришет).
Эң башкысы “Элдик банк” берген кредити үчүн күрөө (залог) талап кылбайт. Күрөөсүз, бюрократиясыз тез эле берет.
Алгачкы беш жылда “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) алган каражаттан кутуласыз. Андан кийин МИКтин калган 50%ын төлөйсүз.
Бул мехнизм октябрдын ортолорунан тартып иштей баштайт. Башкача айтканда, жетпей жаткан сумманы ошондо (болжол менен октябрдын 15инен баштап) алууңарга мүмкүн болот.
Анткени “Банк жана банк ишмердүүлүгү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүү зарыл экен.
Бирок батирге деп акча топтоп жаткандар болсо, азыртадан эле РСК банкынан эсеп ачып, каражатыңарды чогулта берсеңиздер болот.
Мыйзам коомдук талкууга илинди.
Күзгө чейин кабыл алып, болжол менен октябрдын он бешинен баштап “Элдик банк” жарандарыбызга кредиттерди бере баштайт.
Кимдир бирөөгө беш, кимдир бирөөгө он миң доллар жетпей калышы мүмкүн. Ошол каражатты “Элдик банктан” (азыркы РСК банкы) ала коюшат да, батирине талап кылынган баштапкы 50 пайыздык төлөмдү толуктап төлөп, батирге ээ болушат.
РСК банкты “Элдик банк” деп өзгөртүп, Мамлекеттик ипотекалык компанияга өнөктөш кылалы дегенибиздин башкы максаты да – ушул:
азганча акчасы жетпей жаткандарга МИК алдында кепилдик кылып берүү.
Кыскасын айтканда, бул жаңы мехнизм турак-жай реформасынын үчүнчү баскычы. Бул жаңы эреже биздин миграцияда жүргөндөргө, жалпы эле үйгө муктаж жарандарыбызга жеңилдик берүү, мамлекеттик камкордук кылуу үчүн сунуш кылынган механизм.
****
Уважаемые кыргызстанцы!
Хочу поделиться с вами одной хорошей новостью и полезной для Вас информацией.
Как вам известно, согласно моему поручению, полным ходом идет работа по решению проблемы большинства наших граждан, касающейся жилищного обеспечения.
Речь идет о строительстве многоэтажных домов через Государственную ипотечную компанию и возможности приобрести квартиру в ипотеку не только государственным служащим, но и частным лицам.
Для этого граждане, имеющие возможность купить квартиру, должны заплатить ровно половину от стоимости жилья.
Однако не у всех есть такая возможность. Например, если покупаемая квартира стоит 60 000 долларов, то от этой стоимости нужно заплатить 30 000.
Допустим, у гражданина есть всего 20 000 долларов. Где он возьмет остальную часть?
Для решения этого вопроса, мы сделали партнерами Государственный РСК банк и Государственную ипотечную компанию (ГИК). В течение двух недель РСК банк будет переименован в «Элдик банк».
Поясню на простом примере, допустим, выбранная вами квартира оценивается в 60 тысяч долларов. У вас на руках есть 20 000 долларов, чтобы получить квартиру без очереди, нужно внести в ГИК 30 000 долларов.
Недостающие 10 тысяч долларов вам предоставит «Элдик банк» (нынешний РСК банк) с годовой ставкой 10 процентов на срок до пяти лет (коммерческие банки предлагают кредиты под 19 процентов годовых).
Главное, что «Элдик банк» не потребует залога по кредиту. Выдаст быстро, без залога и бюрократии.
В первые пять лет вы погасите денежные средства, полученных от «Элдик банка» (ныне РСК Банк). Затем вы внесёте в ГИК оставшиеся 50%.
Этот механизм начнет работать с середины октября. Другими словами, будет возможность получить (начиная примерно с 15 октября) часть недостающей суммы.
Это связано с тем, потому что необходимо внести изменения в закон «О банках и банковской деятельности».
Однако, если есть те, кто копит деньги на квартиру, они уже сейчас могут открыть счёт в РСК банке и продолжить накопление средств.
До осени будет принимать, и ориентировочно с 15 октября «Элдик банк» начнет выдавать кредиты нашим гражданам.
Кому-то может не хватать 5 тысяч долларов, а кому-то 10 тысяч. Эти средства они смогут получить у «Элдик банка» (ныне РСК Банк) и внести необходимые 50-процентный первоначальный взнос и стать обладателем квартиры.
Основная цель преобразования РСК банка в «Элдик банк» и его партнёрства с Государственной ипотечной компанией — предоставить гарантии тем, кому не хватает немного денег.
Если кратко, то этот новый механизм является третьим этапом жилищной реформы. Новое правило облегчает мигрантам и всем нашим гражданам, нуждающимся в собственной квартире, условия приобретения жилья, представляет собой предлагаемую систему оказания государственной поддержки.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 30