*
Алла Таала Куранда: *"Чынында, Алла жана анын периштелери пайгамбарга салават айтышат. Оо, ыйман келтиргендер, силер да ага чын көңүлдөн салават айткыла"* деп буйруган. Пайгамбардын (ага Алланын салам-салаваты болсун) атын укканда, айтканда, жазганда ага салават айтуу керек. *"Менин атымды угуп туруп мага салават айтпаган адам - өтө сараң"* - деп пайгамбарыбыз өзү айтып кеткен. Мындан сырткары да пайгамбарыбызга ар дайым салават айтуу биз үчүн зарыл. Анткени, салават айтуу да ибадат болуп эсептелет жана салават айткан адамга пайгамбарыбыздын шапааты (колдоосу) болот. Бир хадисте: *"Менин колдоомо, мага көп салават айткандар татыктуу болушат"* деп айтылган. (Имам Ахмад). Дагы бир хадисте: *"Мага салават айткан адамдын күнөөлөрү кечирилет жана оорусуна шыпаа болот"*деп айтылса, экинчи бир хадисте: *"Мага бир жолу салават айткан адамга, Алла Таала он жолу салават айтат"* деп келген. Демек, пайгамбарга салават айтуу менен Алланын ыраазылыгына жана пайгамбарыбыздын колдоосун ээ болобуз. Келиңиздер, күнүнө жок эле дегенде 100 жолу салават айтуунун адатка айландыралы!
*Кыска салаваттар:*
*"Аллаахумма солли ьалаа Мухамммад ва ьалаа аалихи ва саллам".*
*"Саллаллооху ьалайхи ва саллам"*
*"Аллохумма солли ьалаа Мухаммадин, ва аьлаа аали Мухаммад, камаа соллайта ьалаа Иброхиима ва ьалаа аали Иброхима, иннака хамиидум- мажиид. Аллохумма баарик ьалаа Мухаммадин, ва аьлаа аали Мухаммад, камаа баарокта ьалаа Иброхиима ва ьалаа аали Иброхима, иннака хамиидум-мажиид".*
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев