Талиб согушкерлеринин никелеген аял-бала- чакасы бар туруп, кыйласы согуш талаасында бирден эркек бала ээрчитип, ошолор менен жанашып, жашашат.
Тамактын жакшысын, кийимдин адемисин ошолорго кийгизип, багышат. Адатта ал балдар кичинесинде жетим калгандар же талибтер басып алган айыл-кыштактарда колго түшкөн бечара балдар .
Муну көп киши эрөөн-төрөөн көрбөйт ооган коомчулугунда. Ал тургай бойго жете элек баланын "жаңы баш багып келаткан сакал-мурутуна, мээсинде мандеми бар эркектердин делебесин козгогон "узун арык колу-бутуна", мотурайган, же мөлтүргөн сулуулугуна" суктанып, ыр жазган акындар да бар. Андай ырлар эркектер чогулган жерде көп ырдалат..."
Бул укмушту 2007-ж. Азаттыктын Ооган редакциясында иштеген жазуучу аял радиодо журналисттерге өтүлгөн трейниңде айтып берип, баарыбыздын оозубузду ачырган... Алла- Тааланы оозунан түшүрбөй, беш маал намаз окуп, "Аллахтын аты менен каапырларды" өлтүрүп атканы менен, бачабаздык ооган согушерлеринде кеңири жайылган көрүнүш. Өлкөнүн дин аалымдары менен жетекчилери буга терикпейт, ал турсун ошол бачабаз, гей эркектирдин никелеп алган аялдары да унчукпастан "макул" алышат мындай жосунсуз арам жорукту. "Башка аялдын койнуна жаткандан көрө күйөөм жаш баланы эркелеткени жакшы, деп ойлошот. "Ойунчук" баласын алиги талибдер үй-бүлөсү менен жашаган үйүнө ээрчите келип, өз балдарына кошуп баккан учурлар четтен чыгат. Ал талибдин өз балдары аныгын билбесе да, тиги "конок баланын" атасы менен "особый" мамилеси бар экенин түкшүмөлдөшөт, никелеп алган аялдары болсо, көз-көрүнөө эле билмексенге салышат", -деп ооган кесиптешибиз трейниңге катышкандардын баарын таң калтырган...
Оогандарда бойго жетип калган эркек балдардын кыйласы эң алгачкы жыныстык катнашты кичинекей 8-10 жаштагы эркек балдар менен жасашат экен.
Кошунанын же бейтааныш бирөөнүн жалгыз ойноп жүргөн баласын кармап алышып, кезектешип зордуктап, көчүгү менен түз ичегисин жарып-айырып, каршылык көрсөтүп, ыйласа, өлөөрчө сабап, өлтүрүп койо жаздаган эпизод, белгилүү ооган жазуучусу Халед Хуссейндин " Бегущий за ветром" деген романында сүрөттөлгөн. Эгерде окуй элек
болсоңуздар, роман орусчага да которулду, окуп чыккыла.
Ушул эле чыгармада бир байманалуу эркек кишинин өзүнүн машинесин айдаган кызматкер- шопуруна болгон көп жылдык сүйүүсү жөнүндө баяндалат. Энеси алып берген келишкен сулуу, акылдуу, билимдүү жаш аялын карабай, акыры аялы аны менен көп жыл жашап, аңгыча төрөөт жашынан да калып, бирок күйөөсүнүн сүйүүсүнө арзыбай турганын түшүнгөндө, кичинекей бакма кызын алып, көз көргүс жакка кетип калганы да баяндалат...
Бачабаздык, гейлешүү "чириген батыштын "саркындысы" эмеееес, "накта, таза мусулманбыз",- деген коомдо да кеңири жайылган
"кубулуш". Бачабаздык менен гейлешүү сыңары "арамдык" аялдарын окутпай, иштетпей, үйдөн карыш жылдырбай, багаар эркеги жок бала-чакалуу аялдарга иштеп, балдарын багууга тыйуу салып, ач өлүмгө дуушар кылып отурган "мусулмандардын"
саңырсып сасыган былыгы. Өздөрү басса-турса арамдык кылып, ал эми аялдарды "көк паранжалап, кепиндеп", адамдык укуктарынан ажыратып, кор кылганы ооган эркек сөрөйлөрүнүн барып турган мыкаачы наадандыгы! Это- жесточайшее по лицемерию ханжество!
Игилчилерди ашкерелеп жазган постума бир аял кек этип, комментарий жазыптыр: "Сен Гейропада жатып алып, кыйын болбо", - деп!
Ошол аялга айтаарым: "каапыр, арам" батышты сөккөндөн көрө, "такыбаа" делинген мусулман өлкөлөрүндө орун алган абалга көз чаптыр, дорогуша, көзүңдү чоң ачып...
Оогандардын чыныгы турмушун, аялдардын абалын, гейлердин жашоосун сүрөттөгөн ооган жазуучусу Халед Хуссейндин романдарын окуңуздар...
Дагы бир ой: Бачабаздык менен гейликтен Пакистан да соо эмес. Бул өлкө исламдын ойдо жок көп секталарынын боркулдап кайнаган чоң казаны. Көчөдө күнү куру калбай, ар түрдүү исламдык секталардын "өз талаптарын" койуп, кыйкырып, өкүрүп, топ-топ болуп, демонстрацияда жүргөнүн көрөсүң...
Ошол себептен Пакистанда гейлешүү менен бачабаздыкка жол берген секталар бар болуп чыкса, эч таң калбайм. "Бир сааттык нике" кыйууга, тагын айтканда, проституцияга уруксат берген шыалардын мыйзамынын жанында бачабаздык менен гейликке жол берүү эмне болуптур? Бачабаздык, денесин саткан аялдарга караганда, "безобидный" ойунчук эмеспи, мандемдүү мусулман таналардын түшүнүгүндө...
Анан эле биздин сандаган жаш мусулман эркектердин жапшаш мөлт үрөгөн аялдарын, бала чакасын жалдыратып, айлап-жылдап таштап койуп, Пакистанда " даваатта " жүргөнүнө таң калам да...
Же урду тилин билбесе, же англисче сүйлөшпөсө, булар Пакистанда кимди, эмнеге, кантип үгүттөп, өздөрү эмнени кыйратып, окуп жүрүшөт? Же диний билими болбосо? Билгендер болсо, айтып бергилечи!
Же башка бир "жанга жагымдуу иштер" менен алекпи, аял-бала чакасын сагынбай, "байкуштар ачка калбады болду бекен экен"- деп санааркабай жыргап жүргөнүнө караганда?
#Баян Джумагулова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев