🌷🌷🌷
Жакшы адамдар курчап турса чөйрөңдү,
Унутасың көр-тирилик көйгөйдү.
"Бакыт эмей эмне ушул учур" деп,
Ойноп-күлүп тойдо отурсам ой келди...
Эки жаштын жарашканын карачы,
Жаңы ачышыты турмуш деген баракты.
Ал ансайын мен да кызым элестеп,
"Жуксун" дедим, толкуп көздөн жаш акты.
Жумаш эжем, бир калыпта жай гана,
Кызга насаат ыр окуса айлана.
Жымжырттыкта сүйүп уктук баарыбыз,
Үнү жетип асмандагы айга да.
Акындар да ыр арнашты жарышып,
Канаттарын көкөлөтө кагышып.
Коноктору Жумаш эжем деп келген,
Алкап турду алаканды чабышып...
100 долларды Адыл аттуу курсташы,
Биздин үстөл жакка келип узатты.
Бар экен го сөз баалаган мырзалар,
Өнөр баалап, баарыбызды жубатты.
100долларды түгөтө албай эртеси,
Акындардын батпай дагы өпкөсү.
Жолугууга дагы бир күн белгилеп,
Кансын дедик жан дүйнөнүн көксөөсү.
Жумаш эжем, тою тойго уланып,
Биз жүрөбүз, кошо күлүп кубанып...😁
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев