алик алып колун сунбайт саламына
албай коздорун тиктешет телефонду
адамзатты жоктой кээде айлананда..
Азыр карыялар да негедир башкача
алакан жайып тост айтат бербей бата.
алкынып жаштар менен бийге тушот
алибетте пайда дечи ден-соолукка....
Балдар дага баладай эмес башкача
ботала болуп ойношбойт кочо жакта..
боорум ооруйт чынын айтсам аларга
бооруна кучактап телефонду жатышса..
Жаштар дагы мурдагыдай эмес башка
жаагын баспай каяша айтат уулуларга
жанталашат жапжаш эле атак -данкка
жаш кезде жалындап куйбой махабатка.
Жигиттер да мурдагыдай эмес башка
жигиттин гулу болчу биздин жаштыкта.
жетсе да жашы отузга бойдок журушот
жетпейт кучу кыз журогун багынтканга.
Кыздар деле мурдагыдай эмес башка
каш кирпиктер ооз мурун бут жасалма.
кыз кылыгы менен дешчу эле илгери
кыял жоруктары айтып буткус башкача
Эркектер дагы мурдагыдай эмес башка
эч жоопкерчилик калбагандай аларда.
эмне менен алек уй булоосу эч иши жок
эртеден кечке телефондун мандайында.
Аялдар деле мурдагыдай эмес башка
ачык кийинишип кунуго кафе-барларда.
алдындагы тамагын да суротко тартып
аялзаты азыр интернеттеги сайттарда..
Азыр жашоо мурдагыдай эмес башка
акылын уйротот секелек кыз чон аялга.
артты карап такыр эле эч тушунбойм
алмашып кетти жашообуз неге мынча...
заман бору болсо бору бол же тулку бол
замандаштар жооп берет шунтип мага...
07.02.25
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев