Бийлик башына келгенден бери коррупцияга жана кылмыштуулукка каршы принципиалдуу күрөш жарыялап, саясий эркин көрсөтүп, тыным албай, күн-түнү үлгү көрсөтүп иштеп жаткан Ажобузга ыраазычылык билдиребиз!
Бул стратегияны иштеп чыккан жумушчу топко ыраазычылык жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңешинин башкы катчысы Муканова Нурипа Аалиевнага өзгөчө алкыш айтабыз!
Чындыгында 3-жылдан бери бир топ эмгектер жасалды, эмгеги зор!
Ушул стратегия жана ишке ашыруучу пландар ишке ашып, мындан да жакшы жетишкендиктерге жетип, коррупциясы жок! кылмыштуулук жок! өнүккөн өлкөлөрдүн катарында, укуктук өлкө болуп, экономикалык жана бардык тармакты камтыган реформалар ишке ашкан, туризм жана башка тармактар гүлдөгөн, курал жарагы бекем жана күчтүү, эли ынтымактуу жана биримдиктүү өлкө бололу! 👍🤝🤲🤲🤲
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев