.(Красноярск шаары жөнүндө)
Красноярск шаары жөнүндө өз оюмду бөлүшөйүн Красноярский край Россия Федерациясындагы акыркы мезгилде өсүп өнүгүп келе жаткан күчтүү шаарлардын бири. Эмнегедир ушул шаарга кирип келгенде жан дүйнөң бир жымындап өз мекенине кирип келгендей кубана түшөсүң киши.
Кыргызстанда канча жыл жашасак, ал жерде да, ошончо жыл билинбестен жашап келе жатат экенбиз. Эң кызыгы мойунга ала турчу нерсе бул миң ирет патриот болуп эли жериңди сүйгөн менен бул шаарды андан кем сүйбөйт экениме дагы бир жолу ынандым. Тарых беттеринде жазылгандай "Эне - Сай кыргыздары." деп жазылган тарых илимдерининде изилденип жазылып калган, бул шаарда 30 миңден да ашык кыргыз байырлаган ири шаарга кирет. Кадимкидей Кыргызстанга кирип баргандай элес берген Крацтес базары бар Өтө көп кездешкен жана анын айланасындагы домдордон кыргыздын балдарынын үнү жаңырып турат. Кан тартат деген ушул тура. Кыргыздын каны төгүлбөгөн жер аз болсо керек. Ал эми ушул шаар дал эле кыргыз эли илгертен байырлаган Эне - Сайда аккан кыргыз тукумун сактап калып Бугу уруусунан тараган деген икаялардын баары дал келет.
Кыргызстанга айланып бара жаткан бул шаарда кыргыз элим күн көрүп жашоо кечип, жада калса Кубаныч Анашев агайыбыздын сөзүнө жана Сагынбай Кыдыралив агайга музыкасы таандык Красноярск шаарынын гимни ар бир тойдо ырдалып келе жатат. Ал жерде да гезиттер кыргыз тилинде жарык көрүп, чыгармачыл инсандардын борбору ачылып иштеп келет. Өзүңчо эле биздин кичи мекенге айланган бул шаарда досторумун үйлөрү катар катар болуп өзүнчө эле бир айыл болуп калган.
Красноярский Кыргыздары кичи пейил, мейман дос барган адамды кой союп тосуп алуу салтка айланып калган көрүнуш. Алып баруучу Шарипов Кубат музыкант Жаныбек, кучтуу акын кыз Боз Торгой таланттуу ырчы Сагынбай Кыдыралив агай( жакында коз жумду) булардын баары Красноярск шаарынын каймактары АМИРБЕК МУРАТОВ агай болсо, гезит, китеп чыгарып ошол жердеги кыргыздарды маданият жагынан тейлеп көк бөрүчү Маткасымов Нураалы баш болгон күчтүү инсандардын баары ошол жерде жашашат.
Турмуш шартка байланыштуу Кыргызстанга келе бергеним менен баканын өзү чөлдө болсо да,
ою көлдө дегендей, эмнегедир ошол шаардан көчүп келгенде жан - дүйнөң уйгу туйгу болуп, Мекенин алыс калгансып куса болуп, кадимкидей сагынып калат экенсиң. Өз өлкөбүзгө эмне жетсин деп өлкөбүзгө көчүп келген соң, ошол жактын тартибине, таалимине орустардын жүрүш турушуна окшоп калган бир топ калыптанган мүнөз м-н Кыргызстанга жайгашуу да оңойго турбайт экен. Канчалаган адамдар РФда жашап иштеп нан таап бала үйлөп кыз берип той жасап өзүбуздун салт санааны алыста да унутпастаң улантып келет. Бирок кандайдыр бир деңгээлде биз кыргызстанга келгенде бир топ бул жактагы чөйрөгө коно албай бир топ чунчуп да кеткендей туйула берет экен. Анткени биз орустар менен аралашып жүрүп көп эле нерсени түшүнө албай, Кыргызстанда подхалим болууну, паракор болууну, бирөөгө материалдык абалына карап мамиле кылууну билбейт экенбиз. Мындайча айтканда биз эки жакка тең кошула албаган арасат жолдо калган кыргызга айланып калган экенбиз. Биз үчүн мындай өлкөгө синип жашап кетүү кадимкидей депрессия десек да болот.
Мисалы жакында эле бир көрүнүш РФдан келген бирөө кыйкырып жатат : "Кыргызстан силер неге мындай сыңары! Же жарылып ачык суйлобойсунор айлантып эмне керек менден" деди акыры атаңа бар энеңе бар.мен силердин ымдаганыңарга түшүнбөйм деди бир маалда. Тобоо!!буларга огунку начальник алмашканы да таасир бербеген экен сыягы деп койдум.
Президент бекер паспорт бча акция кылып койсо да, силер болсо, кыйнаганынар кыйнаган" деп Кара-Суу шаарындагы СОНду жаңыртып жаңжал кылганда гана отурган сотрудниктер өзүнө келгендей болду . Орустар жаман эле жаман дейбиз, бирок ошол орустар ровно мамиле кылып оорукана, роддом калкты тейлөө борборлору бир сом алуудан коркот и албайт. А биздин өлкөдөчү? Президентибиз менен Ташиев чуркап жүрөт уктап уктабай, бирок калган астыңкы көнүп калган тармак бүт эле көздөрү алаңдап акча алсам жулсам дегенде дагы көздөрү төрт. Кадр саясатты бир топ эле аксап жатканы сезилип турат. Өз кызматына достойный эмес адамдар бакыйган кызматтарда бюрократтыгын кылып отурушат дагы эле местасын бербей . Вот и все.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев